Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:15

Президент айрым министрлер кызматка тааныш-билишин коюуну улантып жатканын айтты


"Акылман" лицейи былтыр августта ачылган.
"Акылман" лицейи былтыр августта ачылган.

Президент Садыр Жапаров айрым министрлер кызматка тааныштарын дайындоо, пара алуу сыяктуу эски тажрыбаларды улантып жатканын", бул "мамлекеттин натыйжалуулугуна жана өнүгүүсүнө коркунуч туудурарын" билдирди. Ал бул тууралуу Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Акылман" лицейиндеги сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, анда Жапаров "учурдагы кырдаал үчүн жоопкерчилик азыркы саясатчыларга гана эмес, эгемен болгондон берки мурдагы жетекчилерге да жүктөлөрүн белгиледи". Ошондой эле "Акылман" лицейин аяктап, жогорку билим алгандарды өкмөт жумушка орноштурууга кепилдик берерине ишендирди.

"Тандоо ыкмаларынын жана квалификациялык стандарттардын жоктугу коррупциянын топтолушуна жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде компетентсиз кадрлардын басымдуулук кылышына алып келген. “Акылман” лицейи жылына 70ке жакын таланттуу жана билимдүү окуучуларды кабыл алат. Окууну аяктагандан кийин, бүтүрүүчүлөргө мамлекет жумушка орношууга кепилдик берилет, эч кандай байланыш же пара талап кылынбайт. Президент бул тармактагы коррупцияны иликтеп, жазалоону убада кылып, тандоо процессин катуу көзөмөлгө алууга чакырды. Жапаров лицейдин бүтүрүүчүлөрү болбогон квалификациялуу адистерди колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, келечекте кадрлар резервин жаңыртуу үчүн мамлекеттик кызматка азыртадан эле тартууга чакырды. Жапаров бардык мектеп бүтүрүүчүлөрүн "Акыркы коңгуроо" майрамы менен куттуктап, бул күн ар биринин эсинде жашоонун маанилүү баскычы катары кала берерине ишеним билдирди", - деп жазылган маалыматта.

Садыр Жапаров сөз кылган министрлердин атын атаган эмес.

Чолпон-Атада былтыр 25-августта адистештирилген жалпы билим берүүчү “Акылман" президенттик лицейи ачылган жана салтанатка Садыр Жапаров катышкан.

Лицейдин директору Эмил Рыскулов Кыргызстандын бардык аймагынан чогулган 1,5 миң окуучунун арасынан 75 окуучу тандалып алынганын билдирген.

Билим берүү жана илим министрлигине караган мекемеге окуучулар 6-классты бүткөндөн кийин тапшырат.

XS
SM
MD
LG