Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:13

Reuters: Путин басып алган аймактарды калтыруу шартында согушту токтотууга даяр


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин ушул кезге чейин басып алган Украинанын аймактарын калтыруу шартында согушту токтотуу үчүн сүйлөшүүгө барууга даяр. Бул тууралуу Reuters агенттиги Орусиядагы төрт ишенимдүү булагына таянып жазды. Ага ылайык, Путин өзүнүн кеңешчилери менен жолукканда Киев Батыштагы өнөктөштөрүнүн көмөгү менен жарашуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатканына нааразы болгон. Reuters бул орус бийлигинин согушту токтотууга даяр экени тууралуу соңку жарым жылдын ичиндеги экинчи ишараты экенин белгиледи.

Агенттиктин булактары Путин согуштагы азыркы кезге чейинки ийгиликтерди жетиштүү деп эсептерин, муну менен орусиялыктарды армиянын "жеңишине" ишендирсе болорун, оккупацияланган, аннексияланган Украинанын аймактарын Орусиянын ээлигине калтыруу шартында Киев менен тынчтык келишимин түзүүгө даярдыгын айтып берген. Ошол эле маалда орус президенти согушту андан ары улантууга даяр турганын, бирок ийгиликтерди камсыздоо үчүн дагы бир мобилизация тартуу керек болот деп санааркап жаткан кези экенин билдиришкен.

Бул маалыматка байланыштуу Кремль дагы, Киев дагы азырынча комментарий бере элек.

Келерки айда, 15-16-июнь күндөрү Киевдин демилгеси менен Швейцарияда Тынчтык саммити өтөт. Анын катышуучулары Зеленский сунуштаган "тынчтык формуласын" жана башка маселелерди талкуулайт.

Бул жыйынга өкмөт башчылардын жана президенттердин деңгээлиндеги 160 мамлекеттин делегациялары чакыртылган. Алардын ичинде "Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кошулган мамлекеттер бар. Орусия чакыртылган эмес.

Зеленский ал саммитте Борбор Азия лидерлерин да көргүсү келерин билдирди.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылган. Согуш ошондон бери уланууда. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап келет.

XS
SM
MD
LG