Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:04

УКМК: Ташиевдин атын атап алдамчылык кылган жаран кармалды


УКМКнын имараты ,архивдик сүрөт.
УКМКнын имараты ,архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) З.у.А аттуу жаран атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары менен тааныш экенин айтып, алдамчылык кылган деген шек менен кармалганын билдирди. Анда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин ( мурдагы “Унаа”) камалган кызматкеринин биринин инисинин ишенимине кирип, 1,5 миллион сом талап кылып жүргөнүн кабарлады.

"Ал жаран алдамчылык кылып, УКМК төрагасынын жакындарынын таанышы экенинин айтып алдап, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин кызматкеринин бир тууган инисинин ишенимине кирген. Ошондой эле, кылмыш ишин токтотуу маселесин чечип берүүнү убада кылып, 1,5 миллион сом талап кылып алган. Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, З.у.А. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө уланууда”,-деп жазылган маалыматта.

Мындан он күн мурда УКМК аталган агенттикте жүк ташуучу машиналарды мыйзамсыз каттоо фактысы аныкталганын билдирген. Бир машинадан бажы төлөмдөрүн кем төлөөдөгү айырма 1-1,5 млн сомду түзгөнүн маалымдаган.

Атайын кызмат бул коррупциялык схемага тиешеси бар деген шек менен беш адам кармалганын кабарлаган.

УКМК март айында "Унаа" мекемесинин Ош шаарындагы жооптуу кызматкери кармалганын билдирген. Ага Абхазиядан келген, тиешелүү бажы жол-жоболорунан өтпөгөн "Лексус GX-470" үлгүсүндөгү машинага Орусиядан келген делген жасалма документтердин негизинде каттоо күбөлүгүн жана Кыргызстандын мамлекеттик номурун каттап берген деп айып коюлганын кабарлаган.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттиги “Унаа” мамлекеттик мекемесинин базасында былтыр сентябрда түзүлгөн. Мекеме Бишкек, Ош шаарларында жана 40 райондо өзүнүн автомектептерин ачып, автоунаа түрлөрүн айдоону окутуп-үйрөтөрү айтылган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG