Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:25

Жалал-Абадда индиялык студент кызды сүзүп кеткен адам камалды


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жалал-Абад шаарында Индиядан келген студент кызды сүзүп кеткен деген шек менен Т.К. аттуу жаран камалганын билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя 14-майда кечки саат 10дор чамасында болгон. Кыз алган жараатынын улам оор абалда ооруканага жеткирилген. Учурда эч-учуна келбей, комада жатканы кабарланууда.

Мунун алдында социалдык тармактарда чет өлкөлүк студент кызды машина уруп кеткен фактыга байланыштуу жабырлануучунун же анын жакындарынын арызы жок деген негизде кылмыш иши козголбой, күнөөлүү жоопко тартылбай жатканынан улам нааразылык айтылып жаткан. Маалыматтарга караганда, кырсыкка кабылган кыз Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин 1-курсунун студенти. Азыр аны апасы, туугандары карап жатат.

ИИМ кылмыш иши он күндөн кийин гана, 24-майда козголгонун, кылмышка шектүү 25-майга камалганын ырастады жана ал Тергөө кызматынын жетекчилигинин көзөмөлүндө турганын билдирген.

Расмий маалыматка караганда, ушул тапта Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда баш-аягы 59 миңдин тегерегиндеги чет элдик студенттер окуп жатат. Алардын 28 миңи медициналык факультеттерде билим алат. Пакистандан келген студенттердин саны 12 миңден көп, ал эми Индиядан келгендер 14 миңден ашат.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG