Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:25

Сүттүн баасына байланыштуу маселе ЖК комитетинде дагы каралат


Соң-Көл. Кыргызстан. (архивдик сүрөт)
Соң-Көл. Кыргызстан. (архивдик сүрөт)

Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин 27-майдагы жыйынында сүттүн баасына байланыштуу маселе дагы каралат. Анда бул жаттагы парламент токтомунун аткарылышы тууралуу өкмөт өкүлдөрү маалымат берет.

Парламент 15-майда дагы сүттүн баасынан чыккан көйгөйлөр жөнүндө тийиштүү мекемелердин маалыматын уккан. Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов учурда жер-жерлерде сүт фермерлерден майлуулугуна жараша 24-30-40 сомго чейин алынып жатканын айтып, бааны рынок өзү аныктап жатканын белгилеген. Айрым депутаттар өкмөт өкүлдөрүн сынга алып, бул маселеде ишканалар менен дагы иштөөнү, башка жаңы рынокторду издөөнү сунуштаган.

Сүттүн баасын көтөрүү маселеси парламентте маал-маалы менен талкууланып жатат.

ЖК былтыр бааны жөнгө салууга байланыштуу атайын мыйзам кабыл алган, бирок ага президент Садыр Жапаров каршы пикирин билдирип, кол койбой артка кайтарган.

Документтин автору, депутат Акылбек Түмөнбаев быйыл апрель айында аны токтом кылып кайра даярдап, документ парламентте колдоо тапкан. Анда сүттүн бир литринин баасы 40 сомдон кем болбосун деген шарт жазылган.

Сүттү кайра иштетүүчүлөр Кыргызстандын базарлары Орусия менен Беларустан келген арзан сүт азыктарына толуп калганын, депутаттардын талабын аткаруу дээрлик мүмкүн эместигин, антпесе жабылууга аргасыз болорун айтып жатышат.

Кыргызстанда сүттүн баасына байланыштуу маселе дээрлик жылда жаралат. Мындан улам Чүйдө жана Таласта жергиликтүү тургундар нааразылык акцияларга чыккан учурлар болгон, тонналаган сүт төгүлгөн учурлар катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG