Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:09

Садыр Жапаров Асман шаарын куруу келерки айда башталарын айтты


Асман шаарынын долбоору.
Асман шаарынын долбоору.

Президент Садыр Жапаров 25-майда Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарына барганда Асман шаарын куруу он чакты күндөн кийин башталарын билдирди. Ал былтыр капсула салынгандан кийин курулуштун токтоп калганын долбоорго өзгөртүүлөр киргизилгени менен түшүндүрдү.

“Былтыр биз капсула салгандан кийин аны көргөн чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүздөн жөн эле шаар салып койбой, жашыл шаар салалы деген сунуштар түшүп, мурдагы долбоорлоруна өзгөрүүлөр кирип, курулуштун башталышы бүгүнкү күнгө чейин созулуп келди эле. Азыр дүйнөлүк коомчулук жашыл экономикага, жашыл энергетикага, жашыл талап коюп жатат. Шаар Ысык-Көлгө зыянын тийгизбеши үчүн биз дагы заманбап шаар куруу сунушун кабыл алып, жашыл шаарды баштап жатабыз”,-деди Жапаров.

Кыргызстандын бийлиги Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар куруу дымагын 2021-жылы жай айында билдирген. Ошол эле жылы күздө өкмөт Асман шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын түзгөн. Былтыр мартта жаңы калааны курулушун көзөмөлдөө милдети Президенттин иш башкармалыгына өткөн.

Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-июнунда бул шаарды курууну баштоо аземине катышкан. Капсула салынгандан кийин курулуш токтоп калган.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Асман шаары 500 миң кишиге ылайыкталат.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG