Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:14

G7: Орусиянын активдери Киев Москвадан кенемте өндүрмөйүнчө камакта болот


"Чоң жетиге" мүчө өлкөлөрдүн финансы министрлери.
"Чоң жетиге" мүчө өлкөлөрдүн финансы министрлери.

“Чоң жетиге” (G7) мүчө мамлекеттердеги Орусиянын активдери Москва Киевге кенемте төлөп бермейинче камакта болот. Бул тууралуу аталган уюмга мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин Италиядагы жолугушуусунан кийинки билдирүүдө айтылды.

“Чоң жети” активдерден түшкөн кирешени кантип, кандай пайдалануу маселелерин кийинки айда Италиянын Апулия аймагында лидерлердин жолугушуусунда талкуулайт.

"Чоң жетиге" Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.

Апта башында Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Орусия Украинага кол салгандан кийин анын биримдик аймагында камакка алынган активдерин Киевге жардам үчүн пайдалануу планын бекиткен. Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский быйылкы жылы бул схема Украинага 3 миллиард еврого жакын каражат бериши мүмкүндүгүн, анын 90% аскердик чыгымдарга жумшалышы керектигин билдирген.

Анда активдерден жылына 5 миллиард евродой каражат түшүп турары маалымдалган.

Орусиянын Евробиримдик аймагындагы активдерин пайдалануу схемасы бир нече айдан бери талкууланып келген. Москвага согуштан кийин айрым чет өлкөлөрдөгү активдеринин камакка алынышын кескин айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG