Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:45

Аксынын айрым аймагында сел жүрдү, өзгөчө кырдаал режими киргизилди


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Аксы районунун айрым аймагында сел жүргөнүнө байланыштуу аймакка 26-майдан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Анда Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айыл аймактарында кокту-колоттордон чогулган сел суулар 56 турак жайдын короосун, алты үйдүн жер төлөсүн, төрт турак үйдүн ичине кирип, үч мал сарай урап калганын маалымдады.

Мунун алдында Кезарт айылында сел коркунучунан улам 250 адам коопсуз жайга, туугандарыныкына убактылуу көчүрүлгөнү белгилүү болгон.

Аталган министрлик 25-майда кечки саат 7лер чамасында катуу жааган жаандан улам Кара-Жыгач—Кызыл-Көл жолунун 6-чакырымында сел жүргөнүн, Кара-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, анын жээгине жакын жашаган 60тан ашык үйдү суу каптоо коркунучу жаралганын кабарлаган.

Учурда селдин кесепетин жоюу, кырсыктын алдын алуу иштери жүрүп жатат. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, президенттин облустагы өкүлү баштаган топ жүрөт.

Кыргызстанда быйылкы жаз жаанчыл болуп, бир катар облустарда, аймактарда сел жүрүп, дарыялар, суулар ташкындады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG