Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:09

Зеленский дүйнө лидерлерин Тынчтык саммитине чакырды


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйнө лидерлерин Тынчтык саммитине чакырган видеокайрылуу жасады.

“Мен Тынчтык саммитине даярдык көрүү боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлерине, анын ичинде Кошмо Штаттардын лидери Байденге, Кытайдын лидери, төрага Сиге кайрылам. Биз БУУнун уставдары ушул китептердей өрттөнүп кетишин каалабайбыз. Силер да каалабайсыңар деп үмүттөнөм. Тынчтыкты, соккулар ортосундагы тыныгууларды эмес, тынчтыкты жакындатууда өз лидерлигиңерди көрсөтүп койгулачы, суранам”,- деди ал Харьковдогу орус армиясынын чабуулунан күйүп кеткен басмакананын ичинде жасаган видеокайрылууда.

Украин президенти 15-16-июнда Швейцарияда өтүүчү Тынчтык саммитине делегация жиберерин 80 мамлекет ырастаганын кошумчалап, бул үчүн ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Bloomberg агенттиги АКШ президенти Байден өз шайлоо өнөктүгүнө каражат чогултуу менен алек болгондуктан, июнь айында саммитке келе албашы мүмкүн экенин жазган.

23-майда Борбор Азиянын журналисттери үчүн Украинадагы маалымат жыйында Зеленский аталган саммитте чөлкөмдөгү лидерлерди да көргүсү келерин айткан.

"Мен Борбор Азиянын бардык лидерлери сөзсүз барып, бул окуяны колдоп коюшун каалайт элем", - деген украин президенти.

Жыйынга өкмөт башчылардын жана президенттердин деңгээлиндеги 160 мамлекеттин делегациялары чакыртылган. Алардын ичинде "Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кошулган мамлекеттер бар. Орусия чакыртылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG