Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:14

Ооганстанда суу ташкын бир үй-бүлөнүн 10 мүчөсүн алып кетти


Ооганстандагы суу ташкындын кесепети. 26-май, 2024-жыл.
Ооганстандагы суу ташкындын кесепети. 26-май, 2024-жыл.

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы тынбай жааган нөшөрдөн кийинки суу ташкын бир үй-бүлөнүн 10 мүчөсүнүн өмүрүн алып кетти.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосуна Бадахшан провинциясындагы талибдердин өкүлү билдиргендей, төрт кишинин сөөгү табылды. Куткаруучулар калгандарын издөөнү улантууда.

Жаратылыш кырсыгы 26-майга караган түнү болгон. Аймактын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын жетекчиси Мохаммад Акрам Акбри билдиргендей, суу бир нече айылды каптап кетти.

Баш калаа Кабулдан 300 чакырым алыстыкта жайгашкан Багланда 40тай үй суу алдында калганы кабарланды.

Ансыз да жакырчылык каптаган өлкө быйыл табигый кырсыктардан катуу жабыркап жатат.

10-майда ушул эле Баглан провинциясында катуу жамгырдан кийинки селден 315 кишинин өмүрү кыйылды. 1600дөн ашуун тургун жараат алганы расмий кабарланган.

Соңку айларда Азиянын бир нече өлкөсүндө, анын ичинде Казакстанда жана Кыргызстанда сел жана суу ташкын катталды. Апрелде Ооганстан менен Пакистандагы катуу жамгырдан жана суу ташкындан жүздөн ашуун киши каза тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG