Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:27

Испанияда миңдеген адамдар туризмге каршы акцияга чыкты


Майорка аралында жапырт туризмге каршы чыккандар. 25-май, 2024-жыл. Испания.
Майорка аралында жапырт туризмге каршы чыккандар. 25-май, 2024-жыл. Испания.

Испанияга караштуу Балеар аралдарынын тургундарынын туризмге каршы демонстрациялары 26-майда да уланды. Майорка аралынын борбору Пальма курорттук шаарында ар кандай эсептер боюнча акцияга он миңдей киши чыкты. Уюштуруучулар алардын санын 25 миң деп белгилешти.

Демонстранттар "Туристтер, үйлөрүңөргө кеткиле" деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп, ушундай эле маанидеги ураандарды чакырып жатышты.

Алардын айтуусуна караганда, туристтерден улам батирлердин ижара акысы көтөрүлүп, дээрлик табылбай калууда. Ал эми туристтерден пайда тапкандар салыштырмалуу аз.

Балеар аралдарында 1,2 миллиондой киши жашайт. Былтыр бул жакка келген туристтердин саны 18 миллионго чейин жеткен. Алардын теңинен көбү - чет жактан келгендер. Exceltur уюмунун эсебине караганда, туризм аталган аралдардын ички дүң өндүрүмүнүн 45% түзөт.

Митингдерге өткөн жумада кафелердин биринде болгон окуя түрткү болду.

23-майда ресторандардын биринин экинчи кабаты урап түшүп, төрт кишинин өмүрү кыйылган. Ондон көп адам жараат алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG