Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Владимир Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен келди


Шавкат Мирзиеёв жана Владимир Путин.
Шавкат Мирзиеёв жана Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин май айынын башында бешинчи мөөнөткө кызматка киришкенден кийинки экинчи мамлекеттик сапарын Өзбекстанга жасап, 27-майда Ташкент шаарына барды. Аны аэропорттон Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Эки өлкөнүн башчылары Ташкенттеги эгемендик монументине гүлчамбар коюшту.

The Diplomat басылмасы иликтөөлөрүндө Өзбекстанды санкцияга кошулган товарларды Орусияга киргизүүдө негизги өлкөлөрдүн бири деп атаган. 2023-жылы Европа Орусиянын “Газпром” компаниясынан газ алууну токтоткондон кийин бул ишкана газды Өзбекстанга сата баштаган. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен Москва Өзбекстандын Кытайдан кийинки эле негизги соода өнөктөшү бойдон калууда.

Владимир Путин менен Шавкат Мирзиёев акыркы жолу быйыл 9-майда Москвада Экинчи дүйнөлүк согуштун 79 жылдыгына уюштурулган иш-чарада жолугушкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG