Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:48

Арменияда демонстранттар өкмөт башчылыкка диниятчынын талапкерлигин көрсөтүштү


Архиепископ Баграт Галстанян Еревандагы митингде. 26-май, 2024-жыл.
Архиепископ Баграт Галстанян Еревандагы митингде. 26-май, 2024-жыл.

Арменияда өкмөткө каршы нааразылык акцияларын баштап чыккан архиепископ Баграт Галстанян өқмөт башчылыкка баруу ниетин билдирди. Бул тууралуу ал 26-майда Еревандагы митингде тарапташтарынын алдында жар салды.

Апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы, 53 жаштагы Баграт Галстанян Еревандагы армяндардын башкы диниятчысы Гергин II ден анын "диний ишмердүүлүгүн" токтотуп турууну суранганын билдирди.

Демонстранттар бул билдирүүнү кубаттап, кол чабуу менен кабыл алышты. Ал эми "Тавуш мекен үчүн" кыймылы анын талапкерлигин дароо өкмөт башчылыкка көрсөттү.

Армениянын Баш мыйзамына ылайык, өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө демилгесин депутаттардын үчтөн бир бөлүгү сунуштай алат. Бул үчүн алар өкмөт башчылыкка өз талапкерин сунушташы зарыл.

Буга чейин парламенттеги оппозициячыл эки фракция бул сунушту колдошорун билдиришкен.

Аларга ийгиликке жетүү үчүн "Жарандык келишим" деп аталган Пашиняндын партиясы көпчүлүктү түзгөн парламенттеги көпчүлүктүн добушу керек. Алар оппозициянын бул ниетин колдомок тургай, сүйлөшүүгө да барбастыгын кыйытышкан.

Пашинян жакында эле Галстаняндын кызматтан кетүү чакырыгын четке каккан.

26-майдагы митингдин соңунда Галстанян Пашиняндын резиденциясына барып, аны менен жолугуп, кызматтан кетүүнү талап кыларын айтты.

Өкмөт башчынын резиденциясынын алдында бир аз күтүп, жооп албаган соң Галстанян тарапташтарына Республика аянтына барып 27-майдын таңында баштала турган "жарандык баш ийбөө" акцияларынын планын талкуулай турганын билдирди.

"Биз өкмөттү элдин талабы менен эсептешүүгө көндүрөбүз", - деди ал.

Никол Пашинян бул маалда суу ташкындан жабыркаган Лорий жана Тавуш облустарында жүргөн. Ал жакта жаратылыш кырсыгынан үч кишинин өмүрү кыйылып, эки адам дайынсыз болуп жатканын "Азаттыктын" армян кызматы билдирди.

Армениядагы миңдеген адамдардын демонстрацияга чыгышына Азербайжан менен чек ара тууралуу макулдашуу түрткү болду. Байкоочулар митингдер Ереван ЖККУдан чыгарын жарыялагандан кийин башталганына көңүл буруп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG