Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:14

ХАМАС Тель-Авивге ракеталык чабуул койду


Газа тараптан Израилдин аймагын көздөй учурулган ракеталар. Архивдеги сүрөт. Декабрь, 2023-жыл.
Газа тараптан Израилдин аймагын көздөй учурулган ракеталар. Архивдеги сүрөт. Декабрь, 2023-жыл.

Төрт айдан бери биринчи жолу ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму Тель-Авивди жана анын айлана-тегерегин ракеталар менен аткылады. 26-майда Тель-Авивдин борборунда бир нече жардыруу болду.

Расмий маалыматка караганда, бомбадан коргонуучу жайга шашылып бараткан эки аял жараат алды. Израилдин армиясы Газа тилкесинин Рафах шаарынан Израилди көздөй сегиз ракета учурулганын билдирди. Алардын бир нечеси абадан атып түшүрүлгөн.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти ХАМАС уюмунун аскердик канаты алды. Жоочулар муну "Израилдин карапайым палестин элине жасап жаткан иштери үчүн жооп" деп атады.

Соңку ирет Тель-Авив Газа тараптан учурулган ракеталардын чабуулуна 29-январда туш болгон.

Израил Рафахта жердеги аскердик операциясын баштаган. 24-май күнү БУУнун Гаагадагы Эл аралык соту Израил бийлигин карапайым калкты коргоо үчүн жетиштүү чара көргөн жок деген негиз менен Рафахтагы аскердик операциясын токтотууга милдеттендирген.

Израилдин бийлиги соттун чечимин сынга алып, ЦАХАЛ жайкын тургундарды коргоо үчүн бардык чараларды көрүп жатканын, ХАМАС радикал уюму карапайым адамдарды тирүү калкан катары колдонуп келгенин билдирген.

Израилдин Газадагы операциясын баштоого ХАМАСтын 7-октябрдагы чабуулу түрткү болгон. Согушкерлер Израилге кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тайын барымтага алып кетишкени кабарланган. Учурда туткундагылардын 130дайы хамасчылардын колунда. Алардын айрымдары набыт болгону тууралуу маалыматтар бар.

Израилдин аба соккуларынан жана жердеги операциясынан октябрдан бери Газада 36 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG