Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Депутат Түмөнбаев Жээнбековдун макамын алуу боюнча кол топтоо аяктап калганын айтты


Сооронбай Жээнбеков жана Акылбек Түмөнбаев. Коллаж.
Сооронбай Жээнбеков жана Акылбек Түмөнбаев. Коллаж.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча депутаттардан кол топтоо аяктап калганын билдирди. Бул тууралуу ал 27-майда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты:

“Президент, премьер-министр болуп отургандагы (ред: Сооронбай Жээнбеков) мыйзам бузууларын тактап, кагаздардын баарын топтоп атабыз. Кол топтоо иштери бүтүп калды. 2020-жылы пандемия учурундагы келген каражат жана ал киши премьер-министр болуп турганда Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кагаздарды топтоп бүтүп калдык”, - деди ал.

Акылбек Түмөнбаев Жогорку Кеңештин 28-февралдагы жалпы жыйынында Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу демилгесин көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунушун берген.

Ал Кыргызстанда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, камакта жаткан Райымбек Матраимов менен байланышы бар адамдар мамлекеттик кызматтан алынып жатканын айтып, Сооронбай Жээнбековдун да Райымбек Матраимов менен байланышы бар экенин кошумчалаган.

28-февралда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев Сооронбай Жээнбековдон экс-президент макамын алуу боюнча фракциянын чечими керек экенин жана андан кийин комиссия түзүлө турганын айткан.

“Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө” мыйзам боюнча, экс-президент макамы Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын корутундусу болгондо гана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынышы керек.

Сооронбай Жээнбеков жана анын жакындары Акылбек Түмөнбаевдин демилгеси тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери өлкөнү беш президент башкарды.

“Экс-президент” деген расмий макам алардын экөөндө гана – Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган.

Сооронбай Жээнбеков 2017-2020-жылдары президент болгон. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин кызматтан кеткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG