Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Румын соту чуулгандуу британиялык блогердин өтүнүчүн четке какты


Эндрю Тейт.
Эндрю Тейт.

Румынияда чуулгандуу блогер, адам сатууга жана зордуктоого шектелип жаткан Эндрю Тейттин бул өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган соттук чектөөсүн азайтуу өтүнүчү четке кагылды. Анын апелляциялык өтүнүчү 30-майда Бухаресттин Апелляциялык сотунда каралып, колдоо тапкан жок.

10-майда жергиликтүү сот Тейттин Румыниянын аймагынан тышка чыгуусун чектеген чечимдин мөөнөтүн дагы 60 күнгө узарткан. Ал соттун мындай бүтүмүнө нааразылыгын билдирип, чектөө аймагын Европанын Шенген зонасына чейин кеңейтип берүүнү талап кылган. Шенген аймагына Румыния жарым-жартылай түрдө быйыл март айында кошулган.

Румыниядагы соттук териштирүүлөрдөн тышкары Тейтке Улуу Британияда бир нече айып тагылган.

Британиялык мурдагы кикбоксчу жана чуулгандуу блогер Эндрю Тейт бир тууганы Тристан Тейт менен бирге британ бийлигинин ордеринин негизинде быйыл март айында кармалган.

37 жаштагы блогерди кармоого Улуу Британияда «сексуалдык агрессия» боюнча 2012-2015-жылдардагы окуяга байланыштуу тергелип жаткан иш негиз болгон. Ага-иниге «уюшкан кылмыштуу топ түзгөн, адам аткезчилигине катышкан, зордуктоого барган, кыздарды порнографиялык материал даярдоо үчүн эксплуатациялаган» деген айыптар тагылган.

Улуу Британиянын жана АКШнын жарандары Эндрю жана Тристан Тейт бул айыптоолорду четке кагышкан.

Алар 2022-жылы декабрда Бухарестте кармалып, үч айдан кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Бухарест сотунун маалыматына караганда, төрт киши топтошуп алып, Румыниядан адамдарды АКШга, Улуу Британияга жана башка өлкөлөргө мыйзамсыз жолдор менен жөнөтүп турушкан.

Интернеттин социалдык түйүндөрүндө миллиондогон катталуучусу бар Эндрю Тейт "аял – эркектин менчиги, ал зордуктоого кабылса, өзү күнөөлүү" деген көз карашын билдирип келген. (RK)

XS
SM
MD
LG