Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

УКМК Европада теракт жасоого аракеттенген кыргызстандык кармалганын билдирди


Тинтүүдө алынган экстремисттик адабият. Май, 2024-жыл.
Тинтүүдө алынган экстремисттик адабият. Май, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) чет өлкөлүк коопсуздук кызматкерлери менен чогуу Европа өлкөлөрүнүн биринде терракт уюштурууга даярданып жаткан кыргызстандык жаранды кармашты.

Мекеменин басма сөз кызматы 31-майда кабарлагандай, И. А. аттуу кыргызстандык жаран мекенине алып келинди. Ал Кылмыш кодексинин 256-беренеси (Кыргызстандын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран эл аралык террордук уюмдун мүчөсү. Буга байланыштуу атайын кызмат анын чөйрөсүн да текшерип, 29-май күнү Токмок шаарында 17 үйдү тинтүүгө алган. Жыйынтыгында "Ислам мамлекети" (ИМ тобу) деген энбелгилери бар экстремисттик адабияттар, флешкалар, маңзат, курал-жарак жана 28 майнинг жабдуулары алынган. Булардын баарына тиешелүү экспертиза дайындалды.

Жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголуп, 53 жаштагы М.М.Д. аттуу жаран кармалды. Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Коопсуздук кызматы теракт Европанын кайсы мамлекетинде уюштурулуп жатканын ачыктаган жок.

25-апрелде Германиянын федералдык прокуратурасы борбор азиялык жети жаранга, анын ичинде кыргызстандык бир жаранга террордук уюм түзүү, ага катышуу, “Ислам мамлекети” террордук уюмун колдоо боюнча айып такканы белгилүү болгон.

Апрелдин башында Түркиянын Стамбул шаарында Тажикстандын жараны жана Кыргызстандын жараны "Ислам мамлекети" террордук тобунун атынан теракт жасоого даярданып жатканы аныкталып, кармалганы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG