3-июнда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25.
Бийик тоолуу райондордо -1…-6, күндүз 5…10.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 26…28° жылуу болот.