Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Сариев Санкт-Петербургда ЕАЭБде товарды эркин ташуу маселесин көтөрдү


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев Санкт-Петербург экономикалык форумунда Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы оор жүк ташыган автоунаалардын утур-утур пайда болгон узун кезеги боюнча маселе көтөрдү.

Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Темир Сариев бул маселени чечүү керектигин, антпесе Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) негизги артыкчылыктарынын бири - товарлардын эркин ташылышын жоготуп алуу коркунучу бар экенин айтты.

Мындан тышкары Орусиядагы ишкерлер жана Кыргызстандын жарандары өлкөсүнө акча которууда кыйынчылыктар болуп жатканын кошумчалады.

Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет. Кыргызстан менен Казакстан экономикалык интеграцияны күчөтүү максатында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Кыргызстан ЕАЭБге кошулган 2015-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG