Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

УКМК “Бишкек нефть компаниясынын” ээси кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылап турган деген шек менен “Бишкек нефть компаниясы” май куюучу станциялар тармагынын негиздөөчүсү жана ээси (Н.А.М.) кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тергөөдө ал ишкерлик кылуу үчүн Камчы Көлбаевден колдоо алуу максатында аны менен байланыш түзгөнү аныкталган. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Бишкек нефть компаниясы”, анын негиздөөчүсүнүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда аны менен байланышы бар жана анын уюшкан кылмыштуу тобун каржылап турган деген айып менен бир катар ишкерлер кармалып, айрымдарына издөө жарыяланган. Кээ бирлери мамлекетке каражат төгүп эркиндикке чыкты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG