Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Парижде «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун жетекчиси Кристоф Делуар көз жумду


«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун баш катчысы Кристоф Делуар Париждеги баш кеңседе. 9-октябрь, 2020-жыл
«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун баш катчысы Кристоф Делуар Париждеги баш кеңседе. 9-октябрь, 2020-жыл

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун баш катчысы Кристоф Делуар ишембиде оорудан улам дүйнө салганы маалым болду. 53 жаштагы Делуар бул уюмду 12 жыл жетектеп турду.

Делуар Le Point жумалыгында саясий кабарчы жана иликтөөчү журналист болуп эмгек жолун баштаган. «Фламмарион» басылмасында редактор болуп эмгектенген. 2010-жылы Пантеон-Сорбонна университетинин Саясат таануу мектебинин башкаруучулар кеңешине кирген. Журналисттерди даярдоо борборунун директору болгон. 2012-жылдан тарта дүйнөдө сөз эркиндигинин чектелишине каршы күрөшкөн жана сөз эркиндигин коргоону максат кылган журналисттердин эл аралык бирикмеси – «Чек арасыз кабарчылар» уюмун жетектеп келди.

Делуардын жетекчилиги алдында уюм Лондондо, Рио-де-Жанейродо, Тайбэйде жана Жакартада өкүлчүлүктөрүн ачты. Учурда дүйнөнүн ар кайсы жеринде уюмдун 13 кеңсеси, 130 өлкөдө өкүлдөрү жана корреспонденттери бар. "Чек арасыз кабарчылардын» алдында санарип доорундагы демократияга кепилдик боюнча маселелерди караган атайын комиссия түзүлгөн.

Уюм журналисттердин укугун коргоп, коопсуздугун камсыз кылууда алгылыктуу иштерди аткарат. Делуар талибдер барымтага алган журналист Мортаза Бехбудини бошотуп, Москвадан «Биринчи каналдын» редактору Марина Овсянникованы коопсуз жерге чыгарып кетүүгө жетишкен. Абактагы Wikileaks порталынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжга бир нече жолу барып жолуккан.

Делуардын журналисттик иликтөөлөрүнүн негизинде бир нече китеби жарык көргөн.

"Чек арасыз кабарчылар" уюму Кыргызстандагы сөз эркиндигине болгон басым-кысымды токтотуу, камалган журналисттерди бошотуу чакырыгы менен кыргыз бийлигине да такай кайрылып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG