Индиянын Борбор Азия менен кызматташуу далалаты
The Diplomat басылмасы Индиянын Кавказ жана Борбор Азия менен алакаларын кеңейтүү аракеттерин талдады. Авторлор мурда ири кошуна коопсуздук жаатындагы кызматташтыкка басым жасаса, эми терең стратегиялык мамилелерди көздөгөнүн жазышат. Изилдөөчүлөр Олег Абдрашутов жана Элданиз Гусейнов белгилегендей, Индиянын кеп болгон эки аймак менен тарыхый байланыштары бар. Чөлкөм үчүн азыркы глобалдык атаандаштык тушунда Дели да өз ордун табууга, Борбор Азиянын өнүгүүсүндө маанилүү роль ойногонго умтулат.
Авторлор коопсуздук тармагындагы кеңири кызматташтыкка Ооганстандагы кырдаал, диний экстремизмдин жайылышы түрткү берген деп, 2021-жылкы Индия-Борбор Азия саммитинен кийинки алгачкы расмий делегацияны өнөр жай же соода министри эмес, коопсуздук кызматынын кеңешчиси жетектеп барганына көңүл бурат.
Тажикстандагы Фархор жана Гиссар авиабазаларында индиялык аскерлердин жайгаштырылышы Дели да Кытайдын таасири өсүп жаткан чөлкөмдө стратегиялык маанилүү ролду көздөгөнүн далилдегендей.
Бирок кийин COVID-19 пандемиясы, Ооганстандагы бийликке талибдердин кайтып келиши, Украинадагы согуш, Кызыл деңиздеги кемелерге кол салуулар өңдүү дүйнөлүк кризистерден улам Индия соода маршруттарын диверсификациялоонун үстүнөн ойлоно баштады, - деп улантышат авторлор. Бирок андай аракеттерге ири атаандаштары - Пакистан жана Кытай менен чыңалган мамилелер жолтоо болууда.
Бул жагынан алганда быйыл майда Иран менен кол коюлган Чабахар порту тууралуу келишим Индияга товарларын Түштүк Кавказга, Борбор Азияга жана жалпы эле Евразияга алып чыгууга шарт түзмөкчү. “Бирок ал жерден индиялык товарлар кайсы тарапка багыт алат?”, - деген собол салат изилдөөчүлөр.
Бул суроого жооп издеген авторлор Индия менен кызматташтыктан биринчи кезекте Армения жана Азербайжан пайда табарын баяндашат.
Азербайжан Индияга 1,6 млрд чийки мунай экспортоодон тышкары ал өлкөнү Иран аркылуу Орусия менен байланыштырган Түндүк-Түштүк Эл аралык транспорт коридорунун (INSTC) негизги түйүнү.
Долбоордун баштапкы вариантына Борбор Азиянын үч өлкөсү – Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан кошулган. Астана Делинин региондогу эң чоң өнөктөшү, бирок Бээжинге бул жагынан жете албайт.
Андан ары Индия Кытайга атаандаш боло алабы деген маселе талданган. Алсак, Индиянын транспорт байланышы ири көйгөй болгон аймакка “Бир алкак бир жол” долбооруна теңата демилге сунуш кылуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген. Энергетика жана башка маанилүү тармактардагы инвестициялык долбоорлордо активдүү роль ойноого чама-чаркы жок. Маалыматка караганда, Дели Борбор Азиянын инфраструктурасын өнүктүрүүгө бөлгөн 1 млрд доллар кредит колдонулбай турат.
Ошол эле маалда авторлор экономикалык таасири чектелгени менен, Индия региондогу тең салмактуулукту кармап турган күч болуп бериши ыктымал деген пикирин ортого салышат. Мунун мисалы катары алар Өзбекстан менен беш жылдан бери уюштурулуп келаткан аскердик машыгууларды келтиришет. Ал эми Кытай менен антитеррордук машыгуу 2019-жылы гана өткөн.
Материалда тараптардын медициналык билим берүү, изилдөөлөр, өнөр жай, медициналык туризм, технология чөйрөсүндөгү кызматташтык тууралуу да кеп болот. Андан тышкары Индия Иран сыңары Евразия экономикалык кызматташтык биримдиги менен эркин соода келишимине жетишүү аракетин көрүүдө.
Аягында авторлор Делинин акылдуу дипломатиялык жүрүштөрү Борбор Азия менен Кавказда мындан ары да сыналары анык деген жыйынтык жасашат.
Жарандык алуу үчүн казак тили менен тарыхын билиш керек
Eurasianet 3-июндагы макаласында Казакстандын өкмөтү кантип казак тилин сүрөөнгө алуу аракеттерин көрүп жатканын баяндады. Атап айтканда, өлкөнүн иммиграция жана жарандык алуу мыйзамдарына тил жана тарых сынактары киргизилди.
Президент Касым-Жомарт Токаев толуктоолорго май айында кол койгон. Жарандык алууну каалагандар эми казак тилин, өлкөнүн тарыхын жана Конституциясын белгилүү бир деңгээлде билгенин далилдеши керек. Андан тышкары жаран болууга чектөөлөр, кош жарандыкка тыюу киргизилди.
Расмий адамдардын айтымында, алымча-кошумчалар келгиндердин казак коомуна жуурулушуп кетишине өбөлгө түзөт, мындай система эл аралык практикада кеңири колдонулат.
Макаланын автору бул чаралар чыңалган геосаясий шартта кабыл алынганын белгилейт. Мунун мисалы катары орусиялык саясий лидерлер менен айрым интеллектуал ишмерлердин Казакстандын мамлекеттүүлүгүнөн күмөн санаган, аймагына көз арткан билдирүүлөрү айтылат.
"Жарандык алуу мыйзамын өзгөртүү бул контекстте түндүктөгү кошунанын ыктымал дооматтарына каршы суверенитетти бекемдөө аракети катары каралышы мүмкүн", - деп чечмеленет макалада.
Андан ары айтылгандай, Орусиядагы айрым блогерлер ошол түзөтүүлөрдү орустарга каршы улутчулдук деп сыпатташканы таңкалычтуу эмес.
Ал эми казакстандык аналитиктер орус жарандыгын алуу үчүн бул өңдүү талаптар көптөн бери коюлуп келатканын белгилешет.
Казакстан эгемендикке жеткенден бери демографиясы олуттуу өзгөрдү. 1991-жылы казактар азчылык болсо, азыр расмий статистикага ылайык, алар 20 миллиондон ашкан калктын 70 процентин түзөт. Беш жаштан өйдө жарандардын 80% бир аз казакча сүйлөшөт.
Бирок орус тили күнүмдүк турмушта, өзгөчө шарларда чоң роль ойнойт. Мамлекеттик мекемелерде жана бизнес коомчулукта негизинен орус тилин колдонушат.
2023-жылдын аягында өкмөт тилди өнүктүрүү концепциясын бекиткен. Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамга кирген жаңы толуктоолорго ылайык, кийинки жылдан тарта телеканалдардын жана радионун программаларынын 55% кем эмеси казак тилинде болууга тийиш. 2027-жылы 60% жетмекчи. Товарлардын маркировкасы азыр эле казакча жазылып жатат.
Ошол эле маалда орусча сүйлөгөн этникалык казактардын айрымдары шылдыңдоо, кемсинтүүгө туш болгонун айтышат.
Жер жүзүндөгү 181 миллиондой бала бир-эки азык менен гана тамактанат
Le Monde гезити 6-июнда дүйнөдө беш жашка чыга элек наристелердин ар бир төртүнчүсү “тамак-аш жакырчылыгынан” жапа чеккенин жазды. Мындай тыянакка ЮНИСЕФ келген.
Уюмдун бейшемби күнкү отчетунда мындай кырдаал келечекте балдардын саламаттыгына залакасын тийгизерин эскертти.
Макалада айтылгандай, дүйнө максат кылынгандай 2030-жылга чейин жакырчылыкты жое албайт. Эмне дегенде климаттагы өзгөрүүлөр, экономикалык теңсиздик, жаңжалдар азык-түлүк коопсуздугуна терс таасир этип жатат.
БУУнун балдар фонду “азык-түлүк жакырчылыгы” деген терминди колдонуп, бул жеткинчектердин жупуну, ар түрдүү эмес тамактануусун чагылдырарын түшүндүрөт. Натыйжада жарым-жартылай ачка болгон, бою өспөй калган же ашыкча салмактуу балдар көбөйүүдө.
Изилдөөгө ылайык, жер жүзүндөгү 181 миллиондой бала бир-эки гана азык жейт, көп учурда рационуна жашылча-жемиш, протеин, буурчак киргизилбейт.
Статистикага караганда, мындай көрүнүштөн жабыркагандардын көбү Түштүк Азияга (Ооганстан, Индия), Африканын түштүк бөлүгүнө туура келет. Ушул тапта Газа тилкеси ачарчылык коркунучуна кептелип, 10 наристенин тогузу тамактын бир түрү менен гана азыктанат.
Адистер азык-түлүк жакырчылыгын үй-бүлөлөрдүн экономикалык жактан каржыланганы менен гана эмес, климаттын өзгөрүүсү, мамлекеттик кызматтардын, социалдык коргоонун чабалдыгы алып келгенин белгилешет.
ЮНИСЕФ пайдалуу заттар аз таттуу суусундуктардын, кайра иштетилген азыктардын арзан сатылышына да камтамасын билдирет.
“Ошол продукция балдардын ашказанын тез толтуруп, өсүп жаткан организмди витаминдер, башка керектүү заттар менен камсыздабайт”, - деп айтат баяндаманын авторлорунун бири Харриет Торлесс.
Гезит 3-июнда Save the Children эл аралык бейөкмөт уюму да буга үндөш отчетун жарыялаганын белгилейт. Документте климаттагы өзгөрүүлөрдүн балдардын курсагы тойбогонуна кандай таасир этери талданган. Алардын маалыматына ылайык, кургакчылык, циклон, суу каптоо өңдүү климаттагы экстремалдык көрүнүштөрдөн улам дээрлик ачка калган наристелердин саны акыркы беш жылда дээрлик эки эсе өстү.
"Мындай абалдан улам 4-июнда климат боюнча сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине алгачкы жолу балдарды коргоо маселеси киргизилди", - деп жазды Le Monde.