Байден президенттик жарыштан чыкты. Харристи колдой турганын билдирди
Жо Байден жана Камала Харрис
АКШнын президенти Жо Байден күзгү шайлоого катышпай турганын жана вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдой турганын жекшембиде Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагы аркылуу билдирди.
Байден менен республикачылардын талапкери Доналд Трамптын июндун аягында болгон дебатынан кийин президентти шайлоодо башка партиялашына мүмкүнчүлүк берүү чакырыктары күчөгөн.
Байден ал эрөөлдө атаандашынын чабуулдарына жооп кайтара албай, айрым учурларда чаташып, өз оюн да толук жеткире алган эмес.
Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагындагы постунда 81 жаштагы Байден бийликтеги үч жарым жылда жасаган иштерине, жетишкендиктерине учкай токтолду.
Америкалык лидер мөөнөтүнүн аягына чейин президенттик милдеттерин аткарууга жигердүү көңүл бурарын айтты.
“Сиздердин президентиңер болуп кызмат кылуу – жашоомдогу эң чоң сыймык болду. Кайра шайланууну көздөгөнүм менен шайлоодон четтеп, мөөнөтүмдүн аягына чейин жалаң президенттик милдеттеримди аткарууга көңүл буруу партиямдын да, өлкөмдүн да кызыкчылыгына төп келет деп ойлойм”, - деп жазды Байден.
Президент кабыл алган чечими тууралуу алдыдагы жумада элге жасай турган кайрылуусунда кененирээк кеп кыларын билдирди.
Буга чейин Байден шайлоо жарышынан баш тартканын жарыялашы мүмкүн экени айтылып жаткан. Бул тууралуу талкуулар 27-июнда Трамп менен дебаттан кийин күч алган.
Шайлоо алдындагы болжолдуу сурамжылоолор негизги штаттарда Трампка артыкчылык берилиши мүмкүн экенин көрсөткөн.
Талдоочулар Демократиялык партиянын талапкеринин алмашуусу шайлоочулардын ниетин дагы өзгөртүшү мүмкүн деп божомолдошот.
Соңку сурамжылоолор көрсөткөндөй, көпчүлүк шайлоочулар, анын ичинде демократтар да 81 жаштагы Байдендин дагы төрт жыл президент болууга чама-чаркы жетпейт деген пикирин билдиришкен.
Демократиялык партиянын Улуттук курултайы август айында Чикагодо өтмөкчү. Буга чейин партия Байдендин ордуна вице-президент Камала Харристи президенттикке көрсөтөрү боолгонуп жаткан.
Байден шайлоого баруудан баш тартканы жөнүндө чечиминде муну ырастап, Харристи колдорун расмий жарыялады.
59 жаштагы Харрис демократтардын талапкери болуп тандалса, өлкө тарыхында президенттик кызмат үчүн ат салышкан теги түштүк азиялык алгачкы аял болуп калмакчы.
АКШ: Вице-президент Харристин саясаттагы жолу
1/16Камала Харрис 2019-жылы кичи мекени - Калифорния штатынын Окленд шаарынан вице-президенттикке талапкер катары ат салышкан.
Харрис 59 жашта.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
2/16
Харристин атасы ямайкалык, апасы Индиядан. Жыл башында ал Instagram баракчасына минтип пост жазган:
"Апам, доктор Шямала Гопаландын жашоодогу эки максаты бар болчу: эмчек рагын айыктыруу жана эжем экөөбүздү чоңойтуу. Мен аны күн сайын сагынам, ар дайым оюмда. Анын кызы экениме сыймыктанам. Бактылуумун. Энелер күнү кут болсун!".
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
3/162011-жылдын 17-февралы. АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама (ортодо) Калифорниянын вице-губернатору Гэвин Ньюсом (солдон экинчи) жана Сан-Франциско шаарынын мэри, Калифорниянын башкы прокурору Эдвин Ли (оңдо) менен.
Харрис карьерасын Сан-Францисконун округдук прокурору болуп иштөөдөн баштаган. Бул кызматты 2004-жылдан 2011-жылга чейин аткарып, Калифорниянын башкы прокурору болуп дайындалган.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
4/16Калифорниянын башкы прокурору болуп турганда (2011–2017) Харрис сот тармагын реформалоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана никедеги тең укуктуулукка көңүл бөлгөн.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
5/16Харрис 2012-жылдын 5-сентябрында Түндүк Каролина штатынын Шарлотта шаарында өткөн Демократиялык партиянын улуттук конгрессинде сүйлөгөндөн кийин башкы прокурор катары атагы чыккан. Анын спикер болуп шайланышы партиянын ичиндеги таасири өсүп жатканын айгинелеген.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
Ал ЛГБТнын ачык жактоочусу. 2008-жылы АКШнын Жогорку сотунан бир жыныстуулардын никесине тыюу салган чечимди жокко чыгарууну талап кылган. Анын аракети менен 2013-жылы Жогорку сот бул багытта аппеляциялык даттанууну четке каккан. Бул иш жүзүндө Калифорнияда бир жыныстуу никени мыйзамдаштыруу болуп калган.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
7/162014-жылдын октябры. Лос-Анжелестеги окгругдук соттогу атайын программанын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу. Харрис ал кезде башкы прокурор болчу.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
8/16Харрис Сенаттагы угууларда курч суроолору менен белгилүү болгон. Калифорниядан (2017-2021) сенатор, ошол кездеги президент Доналд Трамптын сунушу менен Жогорку сотко талапкерлигин койгон Бретт Каваного суроо берип жатат.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
9/16Харрис жана сенатор Кори Букер Сенаттын Укук комитетиндеги угуулар учурунда. 16-июнь, 2020-жыл. Ошол мезгилде ал Жорж Флойддун өлтүрүлүшү жана полициянын ырайымсыздыгына каршы улуттук нааразылык акцияларынан кийин укук коргоо органдарын реформалоо керектигин айтып келген.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
10/16Харрис Байден менен Милуокиде. Висконсин штаты, 20-август, 2020-жыл. Алар бул күнү АКШнын вице-президенти жана президенти кызматына өздөрүнүн партиясынын талапкер болгон.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
11/16Харрис Байден менен 2020-жылдын августунда Делавэр штатындагы Уилмингтон шаарындагы Алексис Дюпон орто мектебинде өткөн үгүт иш-чарасында.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
12/16Мумбай, Индия, 2020-жылдын 8-ноябрында Байден менен Харрис шайлангандан кийин жол боюна коюлган плакаттар.
Харрис теги азиялык, афроамерикалык алгачкы вице-президент.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
13/16Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенти катары ант берүүдө. Күйөөсү Дуг Эмхофф Библияны кармап турат. Байдендин АКШнын 46-президенти жана Харристин вице-президенттик кызматка киришүү алдындагы инаугурациясы 2021-жылдын 20-январында Вашингтондогу Капитолий имаратынын алдында өткөн.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
14/16Харрис (солдо) жана АКШ Конгрессинин спикери Нэнси Пелоси 2022-жылдын 21-декабрында Конгресстин биргелешкен жыйынында Украинанын президенти Владимир Зеленский Бахмуттан алып келген украин желегин кармап турушат.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
15/162024-жылдын 7-марты. Капитолий. Байден Конгресстин биргелешкен сессиясында сүйлөгөн учурда артта кол чаап турат.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
16/16Камала Харрис Байден Түндүк Каролинада сүйлөгөндөн кийин аны кучактап турат. 26-март, 2024-жыл. Байден менен Трамптын теледебатынан кийин Харристин ысымы саясатта көп атала баштады.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
Артка
Алдыга
Демократтардын башка ыктымал талапкерлери арасында Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом, Мичигандын губернатору Гретхен Уитмер, Иллинойстун губернатору Жей Роберт Прицкер аталып келатат.
Харрис бир нече жумадан бери Байден менен шайлоо кампаниясын жүргүзүп келгендиктен, артыкчылыкка ээ. Андан тышкары кампаниянын жүрүшүндө чогултулган он миллиондогон долларды колдоно алат.
Сурамжылоолордо вице-президентти жактырбагандардын саны Байдендикиндей болуп келатканы менен айрым байкоочулар ал америкалыктардын көбүнө анча таанылбагандыктан, кампания учурунда аброюн жакшырта аларын айтышат.
Truth социалдык тармагындагы постунда Трамп Байден “президент болууга ылайыктуу эмес болчу” деп айтты.
Президенттин жарыясына чейин Трамп вице-президенттикке тандаган Жей Ди Вэнс Байден когнитивдүү (мээнин маалыматты кабыл алуу, талдоо функциялары) абалынан улам жарыштан чыкса, анда президенттик кызматтан да кетиши керек деп жазган.
АКШнын экс-президент Билл Клинтон жана жубайы, мурдагы мамлекеттик катчы, 2016-жылы демократтардын атынан президенттикке талапкер болгон Хиллари Клинтон Байдендин ордуна Харристи колдой турганын жар салышты.
“Президентке кошулуп, вице-президент Камала Харристи колдоо биз үчүн сыймык. Аны колдоо үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Эми Камала Харристи колдоого жана анын шайланышы үчүн күрөшүүгө убакыт келди”, - деп жазышты жубайлар Х тармагына.
Байден кайра шайлануу үчүн күрөштөн чыгуу чечимин кабыл алган алгачкы америкалык президент эмес. 1952-жылы демократ Гарри Трумэн жана 1968-жылы партиялашы Линдон Жонсон ички партиялык шайлоодо анча колдоо таппай калгандан кийин жарыштан баш тартышкан.