Өзбек мушкери Хасанбой Дусматов бокстон 51 килограммга чейинки салмакта Париж Олимпиадасынын чемпиону болду. Ал финалдык беттеште франциялык мушкер, Европанын жана Европа оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионатынын эки жолку коло медал ээси Биллал Беннаманы 5:0 эсебинде утту.
Бул салмакта коло медалдарды Кабо-Верде өлкөсүнүн мушкери Давид де Пина жана кубалык Юниор Алькантара Рейес алышты.
31 жаштагы мушкер ушуну менен экинчи ирет Олимпиаданын алтын медалын утуп жатат. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн оюндарында да Дусматов чемпион болгон. Дусматов Өзбекстандын спорт тарыхында бокстон эки жолу Олимпиада чемпиону болгон алгачкы мушкер болду.
Дусматов дүйнөнүн, Азия оюндарынын, Универсияданын чемпиону. Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси. Үч ирет Азия чемпиону болгон.
Олимпиада оюндарында бокстон дагы төрт өзбек мушкери алтын медал үчүн күрөшөт. Алардын арасында Токио Олимпиадасынын чемпиону Баходир Жалолов да бар.
Ушу тапта Өзбекстан үч алтын, эки коло медалы менен мелдеш жадыбалында 18-орунда баратат. Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарына Өзбекстандан 90 спортчу катышууда.
Буга чейин дзюдочу Диёра Келдиёрова, таэквондочу Улугбек Рашитов алтын, дзюдочулар Музаффарбек Турабаев менен Юсупов коло медал утушкан.
Олимпиада оюандары 11-августа жыйынтыкталат. (GT)