Садык Шер-Нияз: Париж Олимпиадасы кыргыз спортчулары үчүн ийгиликтүү болду
Парижден медал алган кыргыз спортчулары.
Париж Олимпиадасы Кыргызстандын эгемен тарыхында эң көп медал алган дүйнөлүк мелдеш болду. Кыргыз спортчулары Сиднейде бир коло байге, Бээжинде бир күмүш, эки коло жана Токио оюндарында эки күмүш, бир коло медал уткан. Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Ниязды “Азаттык” кепке тартты.
- Cадык мырза, Париж Олимпиадасы аяктады. 16 кыргыз спортчусу эки күмүш, төрт коло медал менен кайтып келатат. Бул жолку Олимпиаданын кыргыз спорту үчүн мааниси кандай болду?
- Менин оюмча жемиштүү болду. Себеби ар бир нерсе салыштыруу аркылуу билинет да. Башка Олимпиадалардын баарын чогуу карасак, Париждеги Олимпиада ушундай жыйынтык менен аяктады. Ийгиликтүү деп атасак болот. Анткени Олимпиадага мыктылардын мыктылары келишкен. Заматта эле космоско учуп кетүү мүмкүн эмес да. Ошон үчүн мурункуларга караганда, азыркы чоң жетишкендик.
Эффективдүү аракеттер коэффицентин жарыяланганда, 16 атлет менен келип, алты медал алганы Кыргызстанды биринчи орунга чыгарып жатат. Ал эми бокстогу жетишкендик негизи эле баарыбызга жомок болду. Чынын айтканда кыргыз эли деле, анын ичинде мен деле мындайды күткөн эмеспиз. Мунарбек чоң жылдыз, ачылыш болуп чыга келди. Бир мушкер келип, күмүш медалга татыганы абсолюттук рекорд деп койсок болот.
- Париж оюндары күтүлбөгөн окуяларга бай болду. Кыргыз балбандарынын ийгилиги менен ызасына, мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун чоң чеберчилигине, суучул Денис Петрашов менен жөө күлүк Сардана Трофимованын жогорку көрсөткүчтөрүнө күбө болдук. Мындай жыйынтыкты кандай баалап турасыз?
- Бокстогу жеңиш эми кыргыз мушкерлерин чоң сереге сүрөйт деген ойдомун. Эсиңерде болсо керек, өткөн Олимпиадада Айсулуу кызыбыз утканда Күрөш федерациясы аябай чоң жетишкендикке жетип, азыр Дүйнөлүк рейтингде үчтүктүн, бештиктин тобуна кирип калбадыбы. Мунарбектин жеңиши да боксто чоң-чоң ийгиликтерди жаратууга түрткү болот. Сиз айткандай, шарттуу түрдө күрөшчүлөргө, балбандарга көбүрөөк көңүл буруп келебиз.
Ошондуктан Денис Петрашов, Сардана Трофимова да чоң ийгилик жаратты деп толук айта алам. Анткени 80-90 атлеттин арасында 14-орунга чыгуу - чоң жетишкендик. Ошондуктан бул тарапка дагы анализ жүргүзүлөт деген ойдомун. Ошол анализ жүргүзүлгөндөн кийин бул спорттун түрлөрүнө да жеткиликтүү көңүл бурулат деп ишенем.
- Сиз айткандай, мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун финалга чыкканы баарыбыз үчүн эле күтүүсүз болду. Анын жеке машыктыруучусу жок барганы коомчулукту бир сыйра нааразы кылды. Андан сырткары бир катар спортчулар тамак-аш тартыш болгонун айтышты. Бул эмнеден болду?
- Менин оюмча мүчүлүштүктөр ар дайым болот да. Эгер мындай мүчүлүштүктөр болуп жатса, анда эң негизгиси Эл аралык Олимпиада комитетинде. Анткени ар бир нерсени жаңы баштап атканда бир аз мүчүлүштүктөр болот. Биз да кабардар болдук. Петрашовдун айтканын укпадыкпы. Бирок ошол учурда эле мен өзүм барып, Олимпиада айылын караганда ал жерге мүмкүн болушунча азык-түлүк дүкөндөрүнөн бери куруп салышкан экен. Маселени чечүүгө спортчулардын мүмкүнчүлүгү бар болчу.
Менин оюмча көпчүлүктүн жаалданган пикири көбүрөөк басым жасап кетти. Мындай чоң иш-чарада мүчүлүштүктөр болот. Ошон үчүн ар бир спортчуга мобилдүүлүгү, эрки, уюштуруучулугу, ошол жердеги федерация башчыларынын да уюштуруу жөндөмдүүлүгү көп таасир этет.
Элчи Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Олимпиадага катышкан делегациясы менен. 9-август, 2024-жыл.
- Париж оюндары кыргыз атлеттеринин күрөштөн башка да спорттун түрлөрүнөн мүмкүнчүлүгү чоң экенин көрсөттү. Лос-Анжелес Олимпиадасына чейин кандай максат коюу керек?
-Биз сабак алышыбыз керек деген ойдомун. Анткени боордош мамлекеттерди карап отурдук да. Ошонун ичинен өзгөчөлөнүп көрүнгөнү Өзбекстандын уюштуруу жагы, коштоо жагы да аябагандай бийик деңгээлге жеткенин байкадым. Мына мисалы боксто катышып отуруп алардын ушундай командасы демдүү, керек болсо музыкалык аспаптар менен келип, колдоп-сүрөп, өзүнчө шаң жаратып турганы бир башкача тажрыйба деп ойлойм. Ошондой тажрыйбаларды биз үйрөнүшүбүз керек.
Олимпиада биринчи кезекте шаң, экинчи кезекте дем, эрк, күч, дух. Ошонун баары эске алынып, психологиялык жактан чоң өбөлгө түзүлүш керек деген ойдомун. Бул дагы чоң жагдай жарата алат экен. Ошон үчүн өзбек туугандар бул жактан баарыбыз үйрөнө турган, сабак ала турган нерсени көрсөттү.
1/23Мээрим Жуманазарова кыргыз күрөшүндө эле эмес, Кыргызстандын спортундагы жаӊы тарыхты жазды. Ал 7-августка караган түнү кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта америкалык Эмит Элорго 0:3 эсебинде утулуп Олимпиаданын күмүш медалын тагынды.
3/23Париж Олимпиадасында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу күмүш байгеге ээ болду. Ал бокстон 57 килограмм салмакта финалдык беттеште өзбекстандык Абдумалик Халоковго жеңилди (0:5). Бирок Мунарбектин күмүш медалы Олимп оюндарындагы спорттун бул түрүнөн Кыргызстандын алгачкы ийгилиги болду.
4/2328 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу финалга чейин жеткен биринчи мушкер болду. Буга чейин кыргызстандык мушкерлер Олимп оюндарында чейрек финалдык беттештерге чейин гана жеткен.
5/23Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта коло медал утту. Шаршенбеков 6-августта 3-орун үчүн беттеште ирандык Мехди Мохсен Нежадды 3:1 эсебинде жеңди. Бул Кыргызстандын Париж Олимпиадасындагы алгачкы байгеси.
6/23Жоламан беттештен кийин “Азатыкка” кыска маек куруп, өзүнүн сезими менен бөлүштү.
“Кудайдын буйругу ушул экен, чындыгында мен деле алтын алгым келген. Негизи айта турчу нерсе көп. Кудай буюрса, муну менен токтобойбуз. Түнү менен салмак куудук. Утулдук деп баарын таштап, үмүт үзүп койгон туура эмес. Кудай алдыда дагы көп жакшы нерселерди даярдап турат. Албетте, кийинки Олимпиадага даярданам, эч качан токтобойбуз”, - деди Жоламан Шаршенбеков.
8/23Кыргыз күрөшүнүн легендасы Айсулуу кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта коло медал утту. Айсулуу ушуну менен Олимп оюндарында экинчи жолу байге алды. Буга чейин Токио Олимпиадасында күмүш медал уткан.
9/23Айсулуу коло медал үчүн беттеште монгол балбаны Орхон Пуревдоржго утулуп жатып, акыркы секунддарда жеңип кетти.Таймаштын биринчи бөлүгүндө алты упай менен монгол балбан кызы алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө Айсулуу алгач эки упай, кийин беттештин бүтөрүнө аз калганда төрт упайлык ыкманы жасап, эсепти теңеп, упайлардын сапаты боюнча жеңишке жетти (6:6).
11/23Акжол Махмудов Париж Олимпиадасында жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. 1/8 финалда АКШ балбаны Камал Амир Бейди 4:1 эсеби менен утуп, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде жеңилди. Жадраев финалга чыгып, Акжол коло байгеге ат салышууга мүмкүнчүлүк алган.
Көңүл жубатуучу беттеште ал колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсебинде утуп, андан кийин азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңди.
13/23Олимпиадада коло медал уткан кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип, Париждеги беттештери жөнүндө айтып берди.
“Кийинкиге кандай даярданабыз, аны үйгө барып агайлар менен сүйлөшөбүз. Менин катачылыгым чоң салмактарда каршылашыма тактикалык жактан утулуп калып жатам. Ушуларды оңдосом, кийинки Олимпиадада чемпион болобуз”, - деди.
15/23Грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов коло үчүн беттеште азербайжандык Хасрат Жафаровго жеңилди (0:8) жана оюндарда 5-орунду ээледи.
Бул Олимп оюндарында Амантур Исмаилов төрт беттеш өткөрдү.
17/23Суучул Денис Петрашов брасс стилинде 100 жана 200 метр аралыктарга жарышка чыгып, 100 метр аралыкта 23-орунду, 200-метр аралыкта 14-орунду ээледи.
18/23Дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта чейрек финалда испаниялык Тристани Мосахлишвилиге 1:0 эсебинде жеңилди. Эрлан Шеров беттештен кийин буларды айткан:
“Бир гана нерсени айта алам. Кармашуу учурунда ката кетирдим. Ыкма жасап атканда бутумду алганга үлгүрбөй калдым. Ал мени ошондон жеңип кетти. Олимпиадага даярдык жакшы эле болгон. Эч нерсе деп актана албайм. Мындан сабак гана алам. Бүгүн медал болгон жок, бул да кудайдын буйругу”, - деди ал.
20/23Эркин күрөштөн 125 кг чейинки салмакта кыргызстандык балбан Айаал Лазарев коло байге үчүн беттеште түркиялык Таха Акгүлгө жеңилди (0:7). Беттештен кийин Айаал Лазарев жана Таха Акгүл килем үстүндө спорттук бут кийимдерин чечип, карьерасын жыйынтыктаганын жарыялашты.
Теги якутиялык Айаал Лазарев 38 жашта. 2009-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келген.
21/23Эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн беттеште өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевге жеңилип, 5-орунду ээледи.
22/23Айпери Медет кызы 11-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта 3-орун үчүн беттеште кубалык Милаймис де ла Каридад Марин Потриллге жеңилди (0:6). Ушуну менен Медет кызы Париж Олимпиадасында 5-орунду ээледи.
25 жаштагы Айпери Медет кызы Олимп оюндарына экинчи жолу катышты. Үч жыл мурун Токио Олимпиадасында 5-орунду ээлеген.
23/23Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу алгачкы беттешинде жеңилди. Ал 66 килограммга чейинки салмакта украиналык Богдан Ядов менен беттешип, иппон менен жеңилип, мелдештен четтеди.
Бул Кубанычбек Айбек уулунун биринчи олимпиадасы болду. Ал 23 жашта.
“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.