Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:41

Кыргызстандан паралимпиада оюндарына төрт спортчу катышат


Паралимпиада оюндарына катыша турган спортчулар жана аларды коштоп жүрө турган Ангелина Блиндул менен Юлия Фернас.
Паралимпиада оюндарына катыша турган спортчулар жана аларды коштоп жүрө турган Ангелина Блиндул менен Юлия Фернас.

Франциянын борбору Париж шаарында 28-августтан 8-сентябрга чейин өтө турган жайкы XVII Паралимпиада оюндарына Кыргызстандан төрт спортчу катышат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, пара дзюдо боюнча Маматибраим Суранов 73 кг чейинки салмакта күч сынашат. Пара пауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева 86 кг чейинки салмак категориясында катышат.

Пара триатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы (Ангелина Блиндул коштоочу), пара жеңил атлетикадан Гүлназ Жүзбаева (Юлия Фернас коштоочу) өлкө намысын коргойт

Жайкы XVII Паралимпиада оюндарында жалпы 22 спорттун түрү боюнча 549 медал ойнотулат.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды спортко тартуу демилгеси XIX кылымда башталып, 1988-жылы Германияда дүлөйлөрдүн спорттук клубу түзүлүп, ошондон тарта көп өлкөлөрдө майыптыгы бар адамдарды спортко шыктандыруу аракеттери башталган.

Паралимпиадалык оюндар биринчи жолу 1960-жылы Италиянын борбору Римде өткөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG