Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:35

Тажикстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 2 млрд доллардан ашты


Ушул жылдын январь–октябрь айындагы Тажикстан менен Кытайдын ортосундагы сооданын көлөмү 2 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу 22-ноябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин жолугушуусунда сөз болгонун коңшу мамлекеттин башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Кытай учурда Тажикстандын экономикалык негизги өнөктөшү бойдон калууда. Сооданын көлөмүнүн көбүрөөк бөлүгүн металл жана акыркы жылдары кытай компанияларынын күчү менен жанданып жаткан тоо кен өндүрүшү түзөт.

Жолугушууда тараптар санариптик экономика, жасалма интеллект жана "жашыл" технология жаатында кызматташууну кеңейтүү пландарын билдиришти. Тажикстан өз кезегинде кытай рыногуна агрардык өнүмдөрүн көбүрөөк чыгарууга кызыкдар экенин билдирди. Акыркы жылдары Бээжин Борбор Азиянын жашылча-жемишине жол ачууда, Дүйшөмбү бул процессте көбүрөөк орунду ээлегиси келет.

Кытай бир канча жылдан бери Тажикстандын ири соода өнөктөшү бойдон калып келет. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн соода алакасы 3,2 млрд доллардан ашкан, азыркы сандар өсүү тенденциясы сакталып турганын көрсөтүүдө.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин сапары чөлкөмдүк турненин алкагында өтүп жатат. Дүйшөмбүгө чейин ал Ашхабад жана Ташкентте болуп, коопсуздук, экономикалык кызматташтык жана келерки "Кытай-Борбор Азия" саммитине даярдыкты талкуулаган.

Борбор Азия Кытайдын тышкы саясатында негизги багыт бойдон калып келет жана мындай иш сапарлар инфраструктура, энергетика жана соода жаатындагы ири долбоорлорго байланыштуу сүйлөшүүлөр менен коштолот.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG