Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Түштүк Кореянын президенти чач түшүүгө каршы күрөш баштады


Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён.
Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён.

Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён чач түшүүгө каршы дарылоону өлкөнүн улуттук медициналык камсыздандыруу системасынын эсебинен каржылоону сунуштады. Бул демилге коомчулукта жана эксперттик чөйрөдө кызуу талкууга себеп болду.

Президент бул сунушун ушул аптада өткөн расмий жыйында айтып, мурда косметикалык маселе катары кабыл алынган чач түшүү бүгүнкү күндө адамдын психологиялык абалына жана коомдогу ордуна түз таасир эткен көйгөйгө айланганын белгиледи.

Учурда Түштүк Кореянын улуттук медициналык камсыздандыруусу кандайдыр бир дарттын кесепетинен улам чач түшсө гана каржылайт. Ал эми генге байланыштуу чач түшсө аны жаппайт. Саламаттык сактоо министри Чон Ын Гёндүн айтымында, мындай абал адамдын өмүрүнө түз коркунуч жаратпайт.

Президент Ли болсо бул маселеге башкача көз караш керектигин айтып, генге байланыштуу чач түшүүнү оору катары аныктоо маселесин кайра карап чыгууга чакырды.

Социалдык тармактарда айрым колдонуучулар демилгени колдосо, сынчылар аны шайлоо алдындагы популисттик кадам деп аташууда.

Ошол эле учурда, расмий маалыматтарга ылайык, өткөн жылы чач түшүү боюнча медициналык жардамга кайрылган 240 миң адамдын 40 пайызы 20–30 жаштагылар болгон.

Президенттин сунушу Түштүк Кореяда мамлекеттик социалдык приоритеттер, сулуулук стандарттары жана саламаттык сактоо саясаты тууралуу кеңири коомдук талкууну кайрадан жандандырды.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG