Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Гүлзат Исаматова илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды


Гүлзат Исаматова.
Гүлзат Исаматова.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Гүлзат Исаматова илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Исаматованын талапкерлиги эми Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.

Гүлзат Исаматова 42 жашта. Буга чейин ал К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча проректору кызматын аркалап келген.

Кыргыз юридикалык академиясында, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатия академиясында Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Буга чейинки министр Бактияр Орозов ичимдик ичип алып машина айдаганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылганы белгилүү болгон.

Мунун алдында президент Садыр Жапаров Бактияр Орозовду 15-декабрда кызматтан алган. Президенттин администрациясы тараткан маалыматта анын кызматтан алынышына мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасын так сактабаганы негиз болгону жазылган.

Орозов өзү кабылган окуя тууралуу комментарий берген эмес. (KS)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG