Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод өндүргөн электр энергияны "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому сатып алат.
Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, завод күн жана шамал станцияларынан айырмаланып, күндүр-түндүр иштейт. Ушу тапта 25-27 МВт энергияны линияга берүүдө.
Бишкекте таштандыны кайра иштетүү жолу менен электр кубатын өндүргөн эко-технологиялык завод 27-декабрда ачылган.
Жылына 365 миң тонна таштанды иштетип, саатына 30 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясын өндүрө турган завод 12 гектар жерге курулган.
Долбоорду Кытайдын "Цзюнсин Хуанбао Кей Жи Инвест" компаниясы ишке ашырып, 95 млн доллар инвестиция салган.
Борбор Азияда таштандыны электр энергиясына айландырган алгачкы заводду кыргыз өкмөтү 35 жылдан кийин өзүнө өткөрүп алат.
Бишкек мэриясынын маалыматында, борбордо бир күндө 1,2 миң тоннага чейин таштанды чыгарылат. 20дай таштанды полигону бар.
Кыргызстан 2018-жылы Европа Биримдиги менен Европа банкынан 22 миллион евролук насыя жана грант алып, таштанды жайын көмүү, жаңысын колдонууга берүү иштери жүргүзүлөрү жана акыр-чикирди ылгоочу завод курулары айтылган. Бирок долбоор соңуна чыккан эмес. (ST)
Шерине