Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

Январда айрым күндөрү аба 15-16 градуска чейин жылышы мүмкүн


Бишкек.
Бишкек.

Январь айында Кыргызстандын айрым аймактарында күндүз абанын температурасы 15-16 градуска чейин жогорулашы ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорологиялык кызматынын Гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалымат менен камсыз кылуу башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3° суук, тоо этектеринде -2…-4° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде кээ бир түндөрү бул облустарда абанын температурасы түнкүсүн -9…-14° чейин төмөндөшү, күндүз 11…16° чейин жогорулашы мүмкүн.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -9…-14º, күндүз -4°…+1° чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир түндөрү түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -20…-25° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Айрым күндөрү аба 10…15° чейин жылышы ыктымал.

Талас облусунда орточо температура климаттык норманын чегинде, -1…-3°, кээ бир түндөрү -20…-25° суук, ал эми күндүз айрым учурда 8…13° чейин жогорулашы ыктымал.

Ысык-Көл облусунда абанын айлык орточо температурасы -1…-3°, чыгышында -4…-6° болуп, климаттык нормадан ашпайт. Кээде түнкүсүн -15…-20° суук, күндүз айрым күндөрү 4…9° жылуу болушу мүмкүн.

Нарын облусунда да абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде, -13…-15°, Кочкор районунда -6…-8° болору болжолдонууда. Кээ бир түндөрү -22…-27° суук, ал эми күндүз айрым учурларда 1…6° жылуу болушу ыктымал.

Жалпысынан өлкө аймагында абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү норманын чегинде болушу күтүлөт.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG