Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Дрон чабуулунан соң "Роснефттин" Пензадагы мунай базасы өрттөндү


Мунай базасындагы өрт. Самара, Орусия. (архив)
Мунай базасындагы өрт. Самара, Орусия. (архив)

23-январга караган түнү Пензага жасалган учкучсуз учактардын чабуулунан кийин мунай базасында өрт чыкканын облустун губернатору Олег Мельниченко маалымдады.

Анын сөзүнө караганда, түндө абадан коргонуу күчтөрү төрт дронду атып түшүргөн. "Биринин сыныгы мунай базанын аймагына түшүп, өрт чыкты. Азыр бул жерде ыкчам кызматтар иштеп жатышат", - деп жазды ал Телеграм каналына.

Украинанын мониторинг Телеграм каналдары Supernova+ жана Exilenova+ Телеграмга "Роснефть" компаниясынын аймактагы "Пензанефтепродукт" базасы тууралуу кеп болуп жатканын жазды.

Воронеж облусунда дрон сыныгы жер үйдүн чатырына тийип, өрт чыкканын аймактын башчысы Александр Гусев маалымдады. Анын айтымында, өрт өчүрүлдү, үйдүн ээлери туугандарынын үйүнө жеткирилди. Astra агенттигинин маалымдашынча, бул "Минудобрения" химиялык заводу жайгашкан Россошь шаарында болду.

Орусиянын Коргоо министрлиги 22-январь, саат 22:00дон тартып, 23-январь саат 7:00ге чейин жалпы 34 учкучсуз учак жок кылынганын билдирди.

Украин аскерлери түнкү чабуулдар тууралуу комментарий бере элек. Орусиядагы мунай базалар жана мунайды кайра иштетүүчү базалар акыркы убакта украин аскерлеринин негизги бутасына айланууда.

Орусия армиясы негизинен Украинадагы энергетикалык объекттерге чабуул коюп жатат, бул кышкы суукта электр энергиясы жана жылуулук масштабдуу түрдө өчүрүлүшүнө алып келүүдө.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG