Алтындын дүйнөлүк базардагы баасы дүйшөмбүдө рекорддук чекке жетип, бир унциясы 5 миң доллардан ашты. 2025-жылы баалуу металлдын баасы 60 процентке өскөн.
Мындай көрүнүш геосаясий олку-солку, белгисиздик, Гренландиянын айланасындагы чыңалуунун фонунда болуп олтурат.
Адистер биржалар АКШнын соода саясатына, президент Дональд Трамптын Канаданын товарларына бажы тарифтерин 100% көтөрүү тууралуу билдирүүлөрүнө байланыштуу тынчсызданууну чагылдырганын айтышат.
Алтын жана башка кымбат баалуу металлдар инвесторлор адатта кыйчалыш заманда сатып алган коопсуз актив болуп эсептелет.
Күмүштүн баасы дүйшөмбү күнү 100 доллардан ашты. Бул металл да өткөн жылы дээрлик 150 пайызга кымбаттаган.
Societe Generale финансылык тобунун аналитиктери жыл аягына чейин алтындын бир унциясы алты миң долларга жетерин, Morgan Stanley беш миң 700гө чыгарын болжолдошот.
Шерине