Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

Өзбек жарандарынын Түркияда жумушка уруксат алуусу жеңилдетилди

Анкара шаары. Иллюстрация
Анкара шаары. Иллюстрация

Өзбекстандын Түркияда 3 жылдан кем эмес туруктуу жашаган жарандарына ал өлкөдө иштөө уруксаты автоматтуу түрдө берилет. Бул тууралуу өзбек өкмөтүнүн Миграция агенттиги билдирди.

Маалымат боюнча жумушка уруксат алуу үчүн өзбекстандыктар эми иш берүүчү табууга, мекенинде консулдукта атайын виза алууга жана маалымат борбору аркылуу расмий макулдук алууга тийиш.

Тараптардын сүйлөшүүлөрүндө макулдашылгандай, Түркиянын тиешелүү кызматы эмгек рыногунда эң зарыл болгон кесиптердин тизмесин Өзбекстанга берип турмакчы.

Андан тышкары Анкара менен Ташкент түрк жергесинде мыйзамсыз жүргөн өзбек жарандарын депортация өңдүү катаң чараларга барбай легалдаштыруу пратикасын улантууну сүйлөшүштү.

Өзбекстандын Миграция кызматы Анкарадагы курулуштарга 2500 жумушчу жиберүү тууралуу келишим түзүлгөнүн кабарлады.

Жогоруда айтылган документтерге Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин Түркияга жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө кол коюлду.

15-январда өзбек президенти Тышкы иштер министрлигинин ишмердигине арналган жыйында жарандарды жакшы төлөнгөн жумуш орундарга орноштурууга көмөктөшүүнү чет жактардагы дипломатиялык миссиялардын артыкчылыктуу багыттарынын бири деп атаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG