Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:19

Днепропетровскиде автобуска дрон тийип, 15 киши мерт кетти

Дрон тийген автобус. Днепропетровск, Украина. 1-февраль, 2026-жыл.
Дрон тийген автобус. Днепропетровск, Украина. 1-февраль, 2026-жыл.

Орусиянын армиясы 1-февралда Украинанын Днепропетровск облусундагы Павлоград районунда жайгашкан көмүр кенин бутага алды. Дрондордун бири шахта жумушчулары отурган автобуска тийген.

Облустук администрация башчысы Александра Ганжа кеминде 12 адам мерт кетип, дагы жети адам жаракат алганын билдирди. Кийинчерээк көмүр казган компания 15 кенчи мерт кеткенин маалымдады.

Дрон тийип күйүп кеткен автобустун сүрөтүн Терновка шаарынын мэринин орун басары Вадим Добровольский соцтармакка жарыялады.

Украинадагы көз карандысыз кенчилер кесиптик кошуунунун башчысы Михаил Волынец Орусиянын чабуулунда кеминде төрт "Шахед" жанкечти дронун колдонгон. Орусия чабуул боюнча маалымат бере элек.

Жекшемби күнү орус армиясы Запорожьедеги төрөт үйүн бутага алганы, алты адам жабыркаганы, анын ичинде эки бейтап аял болгону кабарланды.

1-февралга караган түндө Орусия аскерлеринин чабуулунан Днепропетровскиде үч жай тургун мерт кеткени кабарланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG