Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:31

Абу-Дабиде АКШ, Украина жана Орусия өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушусу өтүүдө

Сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду. Абу-Даби, 23-январь. Бул жолу да ушул эле курам жолугушууда.
Сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду. Абу-Даби, 23-январь. Бул жолу да ушул эле курам жолугушууда.

Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу-Дабиде бүгүн 4-февралда АКШнын, Украинанын жана Орусиянын өкүлдөрүнүн Кошмо Штаттардын Украинадагы согушту токтотуу боюнча планын талкуулоого байланыштуу бетме-бет сүйлөшүүсүнүн экинчи раунду башталды.

Үч тараптуу жолугушууда украин делегациясын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров, орус делегациясын Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Башкы башкармалыгынын (мурдагы Аскердик чалгын башкармалыгы) башчысы Игорь Костюков жетектөөдө, америкалык топтун башында АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Стив Уиткофф, кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер турат.

Умеровдун айтымында, жалпы отурумдан кийин өзүнчө багыттар боюнча топторго бөлүнүп иштешет, андан соң "позициялар кайрадан биргелешип такталып чыгат".

Жабык өтүп жаткан сүйлөшүүлөр эки күн уланат деп болжолдонууда.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эч кандай расмий билдирүү болбой турганын айтты жана Украина Москванын талаптарына макул болбосо Орусия согушту уланта берерин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду да Абу-Дабиде 23-январда өткөн, ага ушул эле курам катышкан. Жыйынтыгы кандай болгону тууралуу расмий маалымат берилген эмес.

Axios басылмасы америкалык өкүлдөрдүн биринин айтып бергенине таянып ал жолугушууда "баары талкууланганын", талкуудан украин тарап да, орус тарап да баш тарпаганын жазган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG