Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:51

Өзбекстанда чет жактагы согушка катышууга азгырган жарнамаларга айып пул салынат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышууну пропагандалаган жарнамалар үчүн айып пул киргизүү пландалууда. 3-февралда Өзбекстандын парламенти Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасы Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү биринчи окууда кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбооруна ылайык, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууларга жана согушка катышууну даңазалаган продукцияны таратуу жана көрсөтүү үчүн административдик жоопкерчилик каралат.

Депутаттардын айтымында, бул жобо калкка, айрыкча жаштарга терс таасир тийгизген факторлорду жоюуга багытталган.

Либерал-демократиялык партиянын депутаты Хушвакт Хайитов Gazeta.uz басылмасына билдиргендей, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө көп кабаттуу үйлөрдүн дубалдарына, көчө мамыларына жана башка коомдук жайларда чапталган баракчалар жана тартылган граффиттилер аныкталган. Аларда негизинен Telegram каналдарга шилтеме жазылган.

Депутаттын айтымында, бул каналдар аркылуу чет өлкөдө иш же ири акча убада кылып, кийин карапайым тургундарды согушка катышууга же баңгизат ташуучу (курьер) болууга тартуу учурлары аныкталган.

Буга чейин "Фергана" басылмасы Ташкенттин тургундары белгисиз адамдардан Telegram аркылуу мааниси жок билдирүүлөрдү алып, жооп бергенден кийин баңгизат ташуучу болуп иштөөнү сунуштаган учурлар көбөйгөнүн жазган.

Өзбекстан бийлиги мезгил-мезгили менен жарандарына чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалдарга катышуу кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу иш экенин эскертип келет. Өлкөдө Украинадагы согушка катышкан жарандарга байланыштуу жүздөгөн кылмыш иштери козголуп, айрымдары соттолуп, кесилген.

Шерине

XS
SM
MD
LG