Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусиянын Астрахань облусундагы полигонго абадан сокку урганын билдирди. 5-февралда таратылган билдирүүдө январь айында Астрахань облусундагы Капустин Яр полигонунун комплексине "ийгиликтүү соккулардын сериясы" жасалганы жазылган.
Украин аскерлеринин айтымында, бул полигондо "континенттер аралык жана орто аралыктагы баллистикалык ракеталарды учууга чейинки даярдык көрүлөт".
Маалыматта айтылгандай, полигонго жасалган чабуулдар украиналык өндүрүштөгү алыскы аралыкка сокку ура алчу ракеталар , анын ичинде FP-5 "Фламинго" канаттуу ракеталары менен ишке ашырылган.
"Полигондогу айрым имараттар ар кандай деңгээлде жабыркаган, ангарлардын бири олуттуу зыян тарткан, ал эми жумушчулардын бир бөлүгү эвакуацияланган", — деп айтылат украин армиясы тараткан билдирүүдө.
Орусия тарап азырынча бул маалыматка комментарий бере элек.
Украин аскерлери билдиргендей, дал ушул Капустин Яр полигонунан 2024-жылдын ноябрында Днепр шаарына жана 2026-жылдын январында Львов шаарына урулган соккуларда орто аралыктагы "Орешник" баллистикалык ракеталары учурулган.
"Орешник" - Орусиянын орто аралыкка сокку ура алчу баллистикалык ракетасы. Ал тууралуу алгач 2024-жылдын 21-ноябрында, Орусиянын президенти Владимир Путин Днепр шаарындагы аскердик-өнөр жай комплексине урулган соккуда гиперүндүү жабдуу менен "Орешник" ракетасы колдонулганын билдиргенде белгилүү болгон. Кийинчерээк Путин Орусияда мындай ракеталардын колдонууга даяр запасы бар экенин жана алардын сериялык өндүрүшү жолго коюлганын айткан.
Орус армиясы дээрлик күн сайын Украинанын айыл-кыштактарына абадан сокку уруп келет. Бир катар далилдерге карабастан, Москва Украинадагы жайкын тургундарды бутага алгынын четке кагып, аскердик жайларды гана бутага аларын билдирет.
Шерине