Мурдагы депутат Курманкул Зулушев сот отурумунда Эмил Узакбаевди ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүндү.
"Бул кишинин азыр өзүн өзү коргоо, баалоого мүмкүнчүлүгү да көрүнбөйт. Мунун баары чечим чыгарууга таасир этет. Баарыбыз кызыкдарбыз соттун тез өтүшүнө. Сот тез карап берсин, соттук-медициналык экспертиза жыйынтыкталсын. Мен дагы кызыкдармын. Үй камагына чыгарылсын, дарылансын. Сотту эрте бүтүрүлү десек, колдоп бериңиз", - деди Зулушев.
Мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов "75чилердин" сотундагы айыптоолор ойдон чыгарылган жомок экенин айтты.
"Чындык жакында ачыкка чыгат. Эгер сот ачык-айкын өтө турган болсо эл билет. Тергөө иштери бир тараптуу өткөн", - деди Асанов.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурум ачык өтө баштады.
Бул процесске Өлкөдөгү экинчи адам саналган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев келди.
Бул ирет анын автоунаасы сот имаратынын короосунун сыртына коюлду. Имаратка жөө басып кирген Ташиев кабарчылардын суроолоруна жооп берген жок.
Анын сөзүнө караганда, айыпталып жаткандардын адвокаттары сот отуруму ачык өтүшүн суранып, судьяга кайрылышкан. Судья өтүнүчтү 11-июндагы отурумда канааттандырган.
Бүгүнкү отурумда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айыпталуучулар иштин ачык жана тез арада аякташына кызыкдар экенин билдирди.
“Тез арада бул ишке жыйынтык чыгарыш керек. Себеби, бул тарыхый сот жараяны. Жок нерседен атайын ушундай маселеге келдик. Бул тарыхый жараян болуп калат. Андыктан акты ак, караны кара деп чекит койгонго бул жерде отургандардын баары, коомчулук да кызыкдар”, - деди Тургунбек уулу.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан буга чейинки сот отурумдары жабык өтүп келген. 11-июндагы отурумда айыпталуучулардын адвокаттарынын сот процессти ачык өткөрүү өтүнүчү канааттандырылган. Сот мекемеси да 11-июнда расмий маалымат таратып, буга чейин сот жабык өтүп келген себебин "өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болгондугуна байланыштуу көрсөтмөлөрү депонирленген күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, тергөөнүн сырын жана кылмыш ишинин жагдайларын ачыкка чыгарбоо максаты" менен түшүндүргөн.
Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тилкаты менен эркиндикте.
Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.
Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.
“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) жапырт башаламандыкка айыптап кармаган беш саясатчыны Бишкектин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алды.
Алардын бөгөт чарасы 12-февралда каралып, 10-апрелге чейин абакта кармоо чечими чыкканын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
ИИМ 11-февралда коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык башаламандыктар) менен кылмыш иши козголгон.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан. Кармалган саясатчылар да мына ушул кайрылууга кол койгондор.
Садыр Жапаров 13-февралда “Кабарга” курган маегинде алардын кайрылуусун бөлүп-жаруу катары мүнөздөдү.
Шерине