Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29
Мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов "75чилердин каты" боюнча айыпталууда. 25.06.2026-жыл.
Мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов "75чилердин каты" боюнча айыпталууда. 25.06.2026-жыл.

Түз ободо "75чилердин каты": Айыпталуучулар көрсөтмө берүүдө

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурум ачык өтө баштады.

“Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген топтун башында Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, Курманкул Зулушев жана Бекболот Талгарбеков турган деген айып тагылды. Коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кине коюлду.

10:50 18.6.2026

Жогорку Кеңеште Камчыбек Ташиев жетектеп турган учурдагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишмердигин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталды.

Мындай демилгени депутат Нурбек Сыдыгалиев 18-июнда айтып чыкты. Ал депутаттык комиссия УКМКнын ишмердигин карап, саясий баа бериши керектигин кошумчалады:

“Көп иштер бар. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышындагы жыйынга курал-жарак алып келген окуя болгон. Аны ким алып келген. Ушул сыяктуу көп иш бар. Ошол нерселерди карап, саясий баа берилиши керек”, - деди Сыдыгалиев.

Бул демилгени депутат Дастан Бекешов да колдорун билдирип, коррупцияга каршы күрөштүн алкагында УКМКнын ишкерлерден алган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун да карап чыгуу керектигин билдирди. Ал бул жаатта абдан көп арызданган адамдар, УКМК аркылуу өткөн мүлктөрдүн кимдердин колуна өткөнүн карап чыгуу зарыл экенин кошумчалды.

10:40 18.6.2026

18-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы процесске “75чилердин каты” деп айтылган иш боюнча процесске айыпталуучулардын бири Эмилбек Узакбаев келген жок. Судья анын ден соолугу боюнча тергөө абагынын дарыгеринин аныктамасын окуп, кан басымы жогору жана деми кысылып, алсырап жатканын белгиледи.

Узакбаевдин адвокаты Акынбек Ногоев да анын ооруп жатканын ырастады.

“Бул жерде эч кандай оюн жок. Анын ооруп жатканы чын, кечээ өзүм барып көрүп кеткем. Ошондуктан сот отурумун башка күнгө жылдырып берүүңүздөрдү суранам”, - деди Ногоев.

Судья айыпталуучунун сот процессине катышуусу милдеттүү экенин белгилеп, сот отурумун 22-июнга жылдырды.

10:04 18.6.2026

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сотко катышуу үчүн келди. Ал “75чилердин каты” тергөөнүн видеосун көрбөгөнүн айтты.

"Мен көргөн жокмун. Эгер көрсөм айтмакмын. Мен азыр социалдык тармактарга кирбейм", - деп айтты ал.


18:25 15.6.2026

“75чилердин каты” деп айтылган иш боюнча 15-июндагы соттук отурумда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештеги кызматтык иликтөөнүн корутундусун алдыруу өтүнүчүн келтирди. Мындай билдирүү соттук отурумда депутат Элвира Сурабалдиева күбө катары көрсөтмө берип, парламенттеги ички териштирүү тууралуу айтканынан кийин айтылды.

“Биз ошол корутундуда эмне айтылганын, Талант Мамытов эмне айтканын, төрага Марлен Маматалиев эмне дегенин угушубуз керек. Бир күбө келип, ошол корутундунун негизинде биз божомолдоп жатабыз деди. Сураныч сизден”, - деди Ташиев.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG