“75чилердин каты” деп айтылган иш боюнча 15-июндагы соттук отурумда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева күбө катары көрсөтмө берди. Процесстин жүрүшүндө аны менен айыпталуучулардын бири, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтышты.
Анын алдында жактоочулар Сурабалдиеванын YouTube каналга курган маегинде “Ташиев бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” дегенине токтолуп, мындай сөздү “ишенимдүү айтканынын себебин” сурады.
Сурабалдиева жактоочуларга удаа суроо берген Ташиевге жооп берип жатып парламентте кызматтык иликтөө жүргөнүн, анын жыйынтыгы менен өзү бүтүм чыгарганын айтты.
Ташиев кылмыш иши боюнча материалдардын арасында парламенттеги ички териштирүү боюнча маалымат жок экенин белгилеп, соттон аны алдырууну сурады.
- Факты деген адам өзү конкреттүү көргөн нерсе болот. Мен сиздин атаңызды кантип өлтүрүп кетишкенин өзүм көргөм. Ошондо мен биринчи болуп баргам, ага жардам берүүгө аракет кылгам.
- Бул туура эмес.
- Ушул факты. Азыр сиз өзүңүздүн саясий пикирлериңизди айтып жатасыз.
- Бул жерде атамдын эмне тиешеси бар? Бул психологиялык басым экенин билесизби? Мени эсиме келтирүү сиздин ишиңиз эмес.
- Өзүңүздүн саясий ойлоруңузду мага айтыштын кереги жок.
- А сиз мени иш бөлмөдөн канча ирет коркутуп, канча жолу камоо менен коркуттуңуз. Муну да баары билет.
Судья кайым айтышты токтотуп, иштин негизи боюнча сүйлөшүүгө чакырды.
Апрель айында депутат Элвира Сурабалдиева казакстандык блогерге маек куруп, Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан кетишинин себеби мамлекеттик төңкөрүш аракетине байланыштуу болушу мүмкүн деген пикирин билдирген.
“75чилердин каты” деп айтылган иш боюнча 15-июндагы соттук отурумда Жогорку Кеңештин аппаратынын билим, саламаттык сактоо, социалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Мария Исанова күбө катары суралды.
Ал катка байланыштуу окуя болгондо парламентте аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштегенин ырастады. Анын айтымында, кат Жогорку Кеңешке 10-февралда түшкөн жана бир күн мурда парламенттин ошол кездеги аппарат башчысы Кутман Турсункулов кат келгенде өзүнө билдирип коюусун айткан.
Исанова көрсөтмөсүндө бул катты дароо эле Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрага орун басары Чыңгыз Ажибаевге беришкенин айтты.
“Ажибаевдин иш бөлмөсүндө Кутман Нурланович (ред: Турсункулов) отурган. Айнура Кеңешовна (ред: Айнура Койчубакова – Жогорку Кеңештин аппаратынын Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, чыгаруу жана кабыл алынган чечимдерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы) ошол катты Кутман Нурлановичке берди. Ал карап-карап койду. Ажибаев кат кимдин атына жазылганын сурады. Айнура Койчубакова төраганын атына жазылганын айтты. “Анда Шакиевди күтүш керек” деди. Катты кайра Айнура Кеңешовнага беришти жана биз чыгып кеттик”, - деп айтты Исанова.
Ал кат менен тааныш болбогонун, маалымат каражаттарынан гана окуганын айтты. Кат боюнча кийин эмне кылуу керектигин Кутман Турсункулов менен Айнура Койчубакова сүйлөшкөнүн кошумчалады.
“Мен катты көргөн да, окуган да, кармаган да жокмун, туурабы? Тогузунда кеттим, 12синде (ред: 12-февраль) келдим. Менин ал катка эч кандай тиешем жок. Мен орун басарыма эч кандай көрсөтмө берген жокмун, туурабы?”, - деди Тургунбек уулу.
Исанова кат парламентке талапта көрсөтүлгөндөй таризде түшкөнүн белгиледи.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурумга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдимуктар Маматов келди. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, Маматов күбө катары көрсөтмө берүүдө.
Ал президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча катка кол койгонун ырастап, ага “телефон аркылуу Токтогул Сооронбаев чалып, кол коюуну сунуштаганын” билдирди. Анын айтымында, Сооронбаев бул маселени жолугуп сүйлөшүүгө чакырган жана “Маматов барган кезде бөлмөдө Сооронбаев, Досбол Нур уулу, Тойгонбай Калматов, Эмил Узакбаев болгон”.
Ал адвокат Акынбек Ногоевдин суроолоруна жооп берип жатып бул жолугушууда бийликти күч менен басып алуу, президентти кызматтан кетирүү аракеттери жана башка мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө сөз болбогонун айтты.
“Мен келгенде кайрылуу Эмил Узакбаевдин колунда экен. Ал мага окуп чыгып, кол коюп бериңиз деди. Мен көз айнегимди албаптырмын, окуй албайм дедим.[…] Ал жердегилер биз баарыбыз кол койдук, бул жерде эч нерсе жок дешти”, - деди Муктаров.
Ал катка өз эрки менен кол койгонун, анын алдында баарын түшүндүрүп беришкенин кошумчалады.
Бүгүнкү отурумда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айыпталуучулар иштин ачык жана тез арада аякташына кызыкдар экенин билдирди.
“Тез арада бул ишке жыйынтык чыгарыш керек. Себеби, бул тарыхый сот жараяны. Жок нерседен атайын ушундай маселеге келдик. Бул тарыхый жараян болуп калат. Андыктан акты ак, караны кара деп чекит койгонго бул жерде отургандардын баары, коомчулук да кызыкдар”, - деди Тургунбек уулу.
Шерине