29-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурумда прокурорлор судьядан шектүүлөрдү тогуз жылдан абакка кесүүнү сурады. Маалыматты “Азаттыктын” ишенимдүү булактары ырастады.
Бул жолку соттук жараянда кылмыш ишинде жашыруун делген үч күбөнүн көрсөтмөсү окулган. Айыпталуучулардын бири Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов, УКМКнын мурдагы төрагасы прокурорлорду айыптоо актысын колдоодон баш тартууга чакырганын билдирген.
Биринчи май райондук сотунда “75чилердин иши” боюнча соттук отурум өтүп жатат.
Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Алымбеков менен Улукбек Узакбаев социалдык тармактарда парламентке жана айрым депутаттарга айтылган сын-пикирлердин артына ким турганын иликтөө демилгесин көтөрүштү.
Максат Алымбеков спикердин Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясында аткарылган иштер боюнча отчёту жана “75чилердин катына” байланыштуу соцтармактарда фейк аккаунттар туура эмес маалыматтарды таратып жатат деп эсептейт.
“Боттор иштеп баштады. Аларды карап отурсаң депутаттардын жекелигине өтүп, шылдыңдоо башталды. Мүмкүнчүлүк болсо Ички иштер министрлигине тапшырма берип коёбуз. Баарыбыз эле билебиз да. Боттордун артында бирөө турат, бирөө тапшырма берип атат”, - деди ал.
Улукбек Узакбаев да сөз сүйлөп, интернетте ар кандай туура эмес маалыматтар тарап жатканын, төрагага кандайдыр бир кепилдиктер берилиши керектигин айтты.
“75чилердин каты” боюнча иште шек саналып жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев парламенттин спикери Марлен Маматалиевдин сөздөрүн четке какты. Ал 25-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан чыгып баратып журналисттердин суроолоруна кыска гана “мунун баарын процесс бүткөндө угасыңар. Төрага жок нерсени токуп жатат” деп жооп берди.
Марлен Маматалиев парламенттин 24-июндагы отурумунда “75чилердин катына” байланышы бар адамдар Кыргызстанда президенттик шайлоону быйыл өткөрүп, ар кандай саясий оюндарды кылууга аракет кылганын айткан. Андан тышкары кат Курманкул Зулушев жетектеген Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине түшкөнүн, юридикалык жактан анын жоопкерчилиги бар экенин билдирген.
"75чилердин каты" боюнча кылмыш ишине байланыштуу бүгүн, 25-июнда уланган сотто айыпталуучулар көрсөтмө берүүдө.
Алардын бири Курсан Асанов кайрылууга кол койгонун, бирок мыйзамсыз эч кандай аракет кылбаганын сотто айтканын анын адвокаты Чынара Жакупбекова "Азаттыктын" кабарчысына билдирди:
"Курсан Асанов кайрылууга кол койгонун, башка мыйзамга туура келбеген эч кандай аракет кылбаганын билдирди. Тагылган айыптарды мойнуна албасын айтты. Толугу менен албайм деди", - деп айтты адвокат.
Жакупбекованын сөзүнө караганда, бүгүнкү отурумда айыпталуучулардын көрсөтмө берүүсү аяктайт, андан кийин негизги соттук териштирүүлөр башталат. Адовкат негизги күбөлөр жалпысынан суралып бүткөнүн, кошумча күбөлөрдү суроо боюнча сотко өтүнүч келтиришерин билдирди. Сот болжол менен августта аякташы ыктымал.
Шерине