Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19
Tashiev
Tashiev

"75чилер иши": Бишкек соту беренени алмаштырып, жаза мөөнөтүн кыскартты

Бишкек шаардык сотунда 10-сентябрда "75чилер каты" боюнча апелляциялык арыз каралып бүтүп, өкүм чыкты. Сот отурумдары жабык өттү.

Райондук сотто “Бийликти күч менен басып алуу” деп айыпталган топтун башында Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, Курманкул Зулушев жана Бекболот Талгарбеков турган деген өкүм чыккан. Коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кине коюлган.

Шаардык сотто "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси жокко чыгарылып, 195-беренеге ("Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу") кайра квалификация болду. Бардык айыпталуучуларга төрт жылдык мөөнөт чегерилип, эки жылдык пробация түрүндөгү жаза мөөнөтү аныкталды.

19:55 10.9.2026

Ошентип, "75чилер каты" боюнча Бишкек шаардык соту апелляциялык арыздарды карап, сегиз айыпталуучуга төрт жылдык жаза чегерди. "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине алмаштырылып, жаза эки жылдык пробациялык көзөмөл менен чектелди.

Бишкек шаардык соту 10-сентябрда “75чилер каты” делген иш боюнча тараптардын апелляциялык арызын карап бүтүп, өкүм чыгарды. Сегиз айыпталуучуга төрт жылдык жаза черегилди. Бул жаза чарасы эки жылдык пробациялык көзөмөл түрүндө колдонулат.

Мурдагы министр жана экс-депутат Курсан Асанов шаардык соттун өкүмүнө каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин айтты:

Курсан Асанов
Курсан Асанов

"Биздин кыймыл-аракетибизде кылмыштын “к” тамгасы да жок. Баары ойдон чыгарылган жомок деп эсептейм. Ошондуктан өкүмгө сөзсүз даттанабыз. Мага коюлган берене такыр түшүнүксүз болуп калды".

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков тергөөдө коюлган айыптар сотто далилденбегенин айтууда:

"Бизге коюлган баштапкы кинени далилдеп бергиле дедик, далилдей алышкан жок. Ал берене кетти. Райондук сотто бизге мамлекеттик төңкөрүш кылмаксыңар деп кине койду. Далилдеп бергиле дедик, далилденген жок, ал да кетти. Эми бизге шайлоого тоскоол кылмаксыңар деп эки жылдык пробация берип жатат. Биз шайлоого кантип тоскоол болорубузду түшүнгөн жокпуз".

Шаардык сот айыпталуучуларга коюлган Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесин ("Бийликти күч менен басып алуу") 195-беренеге (“Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”) алмаштырды. Бул беренеге ылайык, конфискация талабы жокко чыкты.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов:

Икрамидин Айткулов
Икрамидин Айткулов

"Биз таң калдык. Такыр мыйзамсыз, негизсиз өкүм. Алардын иштеги беренени, анын негизин түп тамырынан өзгөртүп салууга укугу жок болчу. Бул такыр коошпойт. Бул беренеде мүлктү конфискациялоо боюнча талап жок".

Шаардык соттогу процесстер жабык өтүп, жада калса соттор коллегиясы өкүмдү окуган учурда да журналисттер сот залына киргизилген жок.

Мекеменин маалымат кызматы муну соттор коллегиясынын чечими менен түшүндүрдү.

Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин адвокаты Жоомарт Аширбаев соттун чечимин саясий мүнөздө деп бааласа болорун айтууда:

"Соттун бул оор беренелерден 195-беренеге өткөнү алардын оор кылмыштарга негизсиз айыпталганынын далили болуп жатат. Жеке пикирим, саясий чечим деп ойлойм".

Быйыл 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.

Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан. Сот аларга үч жылдык пробация чечимин чыгарып, камакка алган эмес.

Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробация берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган. Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.

Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.

Райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна прокуратура да, шектүүлөр да апелляциялык арыз берген.

7-сентябрдагы отурумда прокурорлор соттон айыпталуучулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сураган.

Башкы көзөмөл органы "75чилер каты" боюнча соңку чечимге азырынча комментарий бере элек. 9-сентябрда башкы прокурор Малик Бектурганов маалымат каражаттарына маегинде тергөө ар тараптуу жүргүзүлгөнүн, иш негиздүү экенин билдирген. Ал тогуз жыл деген жаза мөөнөтү ошонун негизинде суралганын белгилеп, "Кылмыштын беренелерине жараша сурап жатабыз да. Биздин позициябыз бир эле" деген.

Шаардык соттун өкүмү жарыяланган соң ал боюнча түрдүү пикирлер айтыла баштады.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиев шаардык соттогу жараяндын соңунда кабыл алынган чечимди саясий деп атоодо:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

"Бул саясий чечим, албетте. Анткени бул жерде күнөө коюлган, айыпталган 6-7 киши жөнөкөй жаран эмес, баары тең саясатчылар. Мамлекетти башкарган, парламентти башкарган жигиттер. Ошондуктан, бул жерде жүз пайыз саясий чечим. Эгерде далил жок болсо, анда прокуратура күнөөнү далилдей алган жок, күнөөнү кое алган жок деп акташ керек болчу. Эгерде күнөөсү болсо соттош керек болчу. Мындай чечимдер президенттин аппаратынын дайынысыз чыгарылбайт. Президенттин тегерегинде айрым жигиттер бар, ошолор боткону чалып, түшүнүксүз бирдемелерди жасап атышат".

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова укуктук жагынан алганда бүгүнкү өкүм ал үчүн күтүүсүз болгонун билдирди:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

"Буга чейинки аракеттери бул беренеге жатпайт. Андай аракет болгон эмес. Кандайдыр бир жумшартуу максатында жасалдыбы? Соттор өз ыктыяры менен жасадыбы же бийлик менен компромисс болдубу? Эң негизгиси, булар мурунку тагылган айыптан, тагыраагы, “Бийликти басып алуу” деген айыптан акталды десек болот. Ал эми азыркы өкүм окшошпой калды. Укуктук жактан алганда, булар акталышы керек болчу. Анткени ал жерде аракет деле жок".

Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке каккан.

Жапаров 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан.

Ташиев күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.

"75чилер каты" боюнча шаардык соттогу процесс өлкөдөгү көңүл борборунда болгон саясий окуяга айланды. Катка кол койгон бир нече коомдук-саясий ишмер күбө катары көрсөтмө берди.

Райондук соттун чечиминен кийин Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышуу ниети болбогонун, саясий өнөктүктө президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын ачык билдирген. Анын мындай кадамын талдоочулар эки тараптын мунасасы катары мүнөздөшкөн.

16:55 10.9.2026

"Азаттыктын" түз эфири:

Бишкек шаардык сотунун 10-сентябрдагы өкүмүнө ылайык, "75чилер каты" боюнча айыпталгандардын мүлкү конфискация болбойт. Бул тууралуу "Азаттыкка" УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

Икрамидин Айткулов
Икрамидин Айткулов

Анын айтымында, шаардык сотто кайра квалификация болгон беренеде андай чара жок.

Бишкек соту “75чилер каты” деп таанылган, атайын кызматтын мурдагы төрагасы башында турган саясатчы, коомдук ишмерлер айыпталган чуулуу иш боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси жокко чыгарылып, ал "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмаштырылды. Сот айыпталуучуларды төрт жылдан эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык жазасын эки жылга кыскартты.

Сот өкүмүн чыгарып жатканда журналисттер киргизилген жок. Соттун басма сөз кызматы сүрөт, видео тартуу маселесин ишти карап жаткан соттук коллегия чече турганын билдирди.

7-сентябрдагы отурумда прокурорлор соттон айыпталуучулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сураган.

16:54 10.9.2026
Курманкул Зулушев сот залында. Архив.
Курманкул Зулушев сот залында. Архив.

Бишкек шаар сотунун өкүмүнө карата мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин адвокаты Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылат. Бул тууралуу адвокат Жоомарт Аширбаев бүгүн, 10-сентябрда шаардык соттун чечиминен кийин "Азаттыкка" билдирди.

"Айыпталуучуларга тергөө тарабынан коюлган "Бийликти басып алуу" беренеси боюнча коюлган айып далилденген жок. Соттун оор беренелерден 195-беренеге өткөнү - тергөө негизсиз жана далилсиз айып койгонун ачыктады. Азыр эле соттун өкүмү окулгандан кийин мен Курманкул Зулушев менен сүйлөштүм. Биз өкүм боюнча Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылабыз", - деди адвокат.

Бишкек соту “75чилер каты” деп таанылган, атайын кызматтын мурдагы төрагасы башында турган саясатчы, коомдук ишмерлер айыпталган чуулуу иш боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси жокко чыгарылып, ал "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмаштырылды. Сот айыпталуучуларды төрт жылдан эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык жазасын эки жылга кыскартты.

Сот өкүмүн чыгарып жатканда журналисттер киргизилген жок. Соттун басма сөз кызматы сүрөт, видео тартуу маселесин ишти карап жаткан соттук коллегия чече турганын билдирди.

7-сентябрдагы отурумда прокурорлор соттон айыпталуучулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сураган.

16:11 10.9.2026

Бишкек шаардык сотунда 10-сентябрда "75чилер каты" боюнча иш каралып, өкүм чыкты. Өкүмдү жарыялоо жабык өттү, ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок.

"Азаттыктын" кабарчылары жеринен маалымдагандай, бийликти басып алуу тууралуу берене жокко чыгарылып, 195-беренеге("Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу") кайра квалификация болду.

Натыйжада бардык айыпталуучуларга төрт жылдык мөөнөт чегерилип, эки жылдык пробация түрүндөгү жаза мөөнөтү аныкталды.

"Азаттык" соттон түз эфир берүүдө:


Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG