2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш ишинде адвокаттардын жарыш сөзү аяктап, айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөдү. Ишти карап жаткан судья Азирет Медеров өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти.
29-июндагы соттук отурумда прокурорлор судьядан шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү сураган.
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш ишинде айыпталуучулардын адвокаттары жарыш сөзүн сүйлөп бүтүп калды. Айыпталуучулардын бири Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Эмилбек Узакбаевдин жактоочусу Акынбек Ногоев гана сүйлөй электигин, андан кийин шектүүлөргө сөз берилерин айтты.
Ал тергөөнүн материалдарында бир да далил жок экенин, сот актоо өкүмүн чыгарышы керек экенин билдирди. 29-июндагы соттук отурумда прокурорлор судьядан шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү сураган.
Жогорку Кеңештин экс-спикери, “75чилердин каты” боюнча айып тагылган Нурланбек Тургунбек уулу бул иште шек саналып жаткандарды 9 жылдан абакка кесүү тууралуу прокурорлордун өтүнүчүнө комментарий берди. Ал 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кирип баратып “Азаттыктын” суроосуна “Бул абсурд. Сабыр кылып туралы көрөбүз. Аз эле калды го” деп жооп берди.
29-июндагы соттук отурумда прокурорлор судьядан шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү сураган. Ушул күндөрү айыпталуучулардын адвокаттары жарыш сөзүн сүйлөп жатат.
29-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” боюнча соттук отурумда кылмыш ишинде жашыруун делген үч күбөнүн көрсөтмөсү окулду. Андан тышкары шектүүлөрдүн адвокаттары кошумча күбөлөрдү сотко чакыруу өтүнүчүн берип, ишти карап жаткан судья Азирет Медеров аны четке какканы белгилүү болду. Соттук жараяндар жабык өтүп жатат.
Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлду. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Шерине