Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:00

Жаңы түзүлгөн Мамлекеттик күзөт кызматына төрага дайындалды

Жаңы түзүлгөн Мамлекеттик күзөт кызматына Сыргак Бердикожоев төрага болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясы 11-февралда маалымат таратты.

Ачык булактарда Бердикожоев тууралуу маалымат жок.

10-февралда президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алгандан кийин бул мекеменин карамагындагы айрым кызматтарды алуу боюнча жарлык чыгарган. Ага ылайык, УКМКдагы 9-кызматтын базасында президентке караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы түзүлдү.

Күзөт кызматы мындан ары президентке баш ийет жана отчет берет. Ал улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына кирет жана кайтарылуучу адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыздайт.

Анын алдында Садыр Жапаров Чек ара кызматын УКМКнын карамагынан чыгарып, өз алдынча орган катары түзгөн.

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу кыска комментарий берип, бул чечимди “мамлекеттик түзүмдөр ортосунда биримдикти чыңдоо аракети” деп баалаган. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирген.

Ташиев 11-февралдын таңында мындай чечим тууралуу үн катып, бул өтө күтүүсүз болгонун жана президенттин чечимин аткарууга милдеттүү экенин белгиледи.

Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.

Шерине

XS
SM
MD
LG