Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автоунаа жолундагы Чапчыма жана Красная Горка – Ак-Таш жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол жеңил унаалар үчүн бир тараптуу ачылды.
Чаткал райондук администрациясынын мындай чечими 15-февралда эртең менен чыкты.
Ага ылайык, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн “Бузук” аймагындагы постто кармалып турган жеңил автоунаалар кезек-кезеги менен өткөрүлөт. Ал эми көчкүнү тазалап, жолду кеңейтүү иштери аяктаганга чейин жүк ташуучу автоунааларга өтүүгө тыюу салынат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) калың кардан улам 12-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна II даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргенин билдирген.
Министрликтин маалыматында Бишкек–Ош автожолунун 255–260-чакырымдарында (Пельменный, Элик тилкеси) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылып, 13-февраль саат 12:00дө ачылган. Жабыркагандар жок. Токтогул районунун “Арал” постунда машинелердин бардык түрүнө улам чектөө киргизилүүдө.
Мындан тышкары Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка автожолунда бир нече тилкеге кар көчкү түшкөнү кабарланган.
Шерине