Орусиянын Мамлекеттик Думасы тиешелүү мыйзамга киргизген түзөтүүгө ылайык, Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) каалаган жерде жана каалаган убакытта байланышты өчүрө алат.
Атайын кызматтан Орусия президентинин укуктук нормативдеринин жана актыларынын алкагында көрсөтмө түшсө, операторлор тейлөөнү токтотууга тийиш.
Мыйзам долбоорунда ФСБ «жарандарды жана мамлекеттик коопсуздук коркунучунан коргоо» максатында байланышты бөгөттөө «өтүнүчүн» жөнөтө алары айтылган. Бирок кийин «өтүнүч» деген сөздү «талап» дегенге алмаштырышкан, калкты «коопсуздук коркунучунан» коргоо деген формулировка таптакыр алып салды.
Юрист Евгений Смирнов «Агентство» басылмасына берген комментарийде түзөтүүлөр кабыл алынгандан кийин байланышты бөгөттөөгө негиз чектелбей каларын айтты.
«Андай учурларды президент өзү аныктагандыктан, ал каалаганын кыла алат», - деп белгиледи юрист.
ФСБнин байланышты чектөө укугу тууралуу долбоор былтыр ноябрда орус парламентине сунуш кылынган. Мамлекеттик кабар агенттиктери жазгандай, демилге дрондордун чабуулдарынан улам байланыш өчкөндө операторлорду жоопкерчиликтен бошотууну көздөйт.
Мындан тышкары Орусияда мобилдик жабдыктардын базасын түзүү каралууда. Ошол реестрге киргизилген телефондордун ээлери гана байланыш кызматынан пайдалана алат.
"Коммерсант" бирдиктүү реестр тууралуу сунушту Санарип министрлигине ФСБ киргизгенин жазган.
Шерине