Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:35

Украинадагы согушка төрт жыл: бейтарап Бишкек, "кара тизмедеги" компания, урушка кеткен кыргыздар

Кыргызстандан Орусияга кеткен гуманитардык жардамдагы сүрөт
Кыргызстандан Орусияга кеткен гуманитардык жардамдагы сүрөт

Украинадагы согуштун төрт жылдыгы Бишкекте Киевди колдоо акциялары менен коштолду. Кыргыз бийлиги бул согушта бейтарап турумду карманарын билдирип келет. Санкциялардан буйтоо аракеттеринен улам Батыш өлкөлөрү кыргызстандык компанияларды "кара тизмеге" алууда. Ондогон кыргыз жараны согушта жүрөт.

Украинаны колдогон кыргызстандыктар

Украинанын желегин жана ачкычтан жасалган коңгуроону кармаган кыргызстандыктар “Адамдар ачкыч боло алат” акциясынын алкагында Орусиянын агрессиясына каршы ураандарды айтууда.

Алар Украинадагы согушту токтотууну, Орусиядагы согуш туткундарын жана саясий негизде камалгандарды бошотууну, депортация болгон украин балдарын мекенине кайтарууну талап кылууда. Өнөктүктүн алкагында ошондой эле мигранттардын, анын ичинде Борбор Азиядан Орусияга барган жарандардын укуктарын коргоо маселеси да жаңырууда.

"Бир дүйнө – Кыргызстан" укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова акциянын максатын "Азаттыкка" мындайча тааныштырды:

Төлөйкан Исмаилова
Төлөйкан Исмаилова

“Төрт жыл мурда башталган согуш, Орусия баштаган Украинага каршы агрессия жалгыз гана Украинага оор кесепеттерди алып келген жок. Постсоветтик мамлекеттер, бөтөнчө Борбор Азия да жапа чегип жатат. Ошондуктан бүгүн катуу талап кылабыз. Анткени Орусия мобилизация деп орус жарандыгын алган биздин балдарыбыз да кыйналып, үйлөрүнөн чыгып, токой аралап качып жүрүшөт. Керек болсо Кыргызстанга келе албай, үй-бүлөлөрү менен жолугуша албай атышат. Акыркы убакта ал тургай Борбор Азиядан аялдарды да алып кетип жатышат. Бул согушка, агрессияга эч ким катышпаш керек”.

People Are Key же кыргызча “Адамдар ачкыч боло алат” акциясын Украинанын Жарандык эркиндиктер борборунун жетекчиси, төрт жыл мурда Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган Александра Матвийчук былтыр баштаган.

Өнөктүккө быйыл 23 өлкөдөгү 43 шаар кошулган. Анын ичинде Бишкектеги укук коргоочулар, активисттер жана катардагы жарандар да катышууда.

Бейтарап турум

Бул Кыргызстандагы жарандардын бир бөлүгүнүн пикири. Кыргыз бийлиги болсо башынан эле Украина менен Орусиянын ортосундагы согушта бейтарап турумду карманып келет.

Муну президент Садыр Жапаров интервьюларында да, эл аралык платформаларда да айткан.

Садыр Жапаров БУУда. 23-сентябрь, 2025-жыл.
Садыр Жапаров БУУда. 23-сентябрь, 2025-жыл.

Кыргыз мамлекет башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө согушту токтотууга чакырган жана жаңжалды жөнгө салууга багытталган аракеттерди кубаттаган. Ал ошондой эле бул согуштан башка өлкөлөр да жапа чегип жатканын белгилеп, Кыргызстанга салынган санкцияларды алууга чакырган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында буларга токтолду:

Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

“Орусия менен Украинанын ортосунда болгон согушта Кыргызстан нейтралитет кабыл алганы деле өтө оор чечимдердин бири болгон. Анткени Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Азыр болсо алар “биздикилер же экинчи тараптагылар” деп бөлүп башташты. Ошого карабай биз нейтралдуу позицияны карманып, өзүбүздүн саясатыбызды жүргүзүп келатабыз”.

Санкция коркунучу

Санкция демекчи, Орусия менен кызматташкан же көмөк көрсөткөн деген айып менен Батыш өлкөлөрү ушу кезге чейин кыргызстандык 25 компанияны санкцияга киргизди. Анын ичинде төрт банк бар. Дагы башка фирмалар жана банктар да кара тизмеге кирип калуу коркунучунда турат. Европа Биримдиги мындан сырткары санкциялардан буйтоо аракетине байланыштуу Кыргызстандын өзүнө мамлекет катары санкция салуу маселесин да караштырууда.

Европа Биримдигинин Кыргызстанга салган санкцияларын түшүндүргөн иллюстрация.
Европа Биримдигинин Кыргызстанга салган санкцияларын түшүндүргөн иллюстрация.

Расмий Бишкек буга макул эмес экенин айтып, сүйлөшүүлөрдү баштаган. Кыргыз бийлиги Кыргызстан Орусия менен экономикалык байланышты таптакыр үзүп коё албай турганын башкы жүйө катары келтирип келет.

Талдоочу Орозбек Молдалиев Кыргызстандын турумунун күңгөй-тескейин мындай чечмеледи:

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

“Кыргызда “эрди-катын урушат, эси кеткен болушат” деген макал бар. Украина менен да мамилебиз бар, бизде украиндер да жашашат. Кыргызстанда орустар да жашайт, Орусия менен өнөктөшпүз, ЖККУ, ЕАЭБ сыяктуу уюмдарда бирбиз. Орусияга эч ким кол салган да жок, аларга тарткыдай. Бизге башкалар кол салганда деле Орусия бизге жардам берген эмес. Ошону үчүн азыр биздин мамлекеттин позициясы туура эле болгон. Согушта Орусия да, Украинаны да колдобой турганыбыздын өзү эле түшүнгөн кишиге “сенин согушуп жатканың туура эмес” деген сөз. Бул деле оңой позиция эмес. “Биз ЖККУда барбыз, ЕАЭБдин мүчөсүбүз, Орусия тараптабыз, санкцияларга баш ийбейбиз” деп айткан жок да Кыргызстан. Эл аралык санкцияларды аткарып жатат, “кайсы жерде талапты бузуп жатабыз, айткыла” деп, бул жагынан да турумун карманып жатат”.

Согушка кеткен кыргыздар

Башка маселе, кыргызстандык жарандардын согушка катышуусу да чоң көйгөй болуп калды. Орусия 2022-жылдын февралында Украинага басып киргенден кийин аскерге киши жетишпей, жалданмачыларды тарта баштаган. Кийин абактарда отурган чет элдиктерди, анын ичинде Кыргызстандан барган жарандарды мажбурлап согушка киргизген.

"Күйөөмдү издейм". Согуштун азабын тарткан аялдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:38:20 0:00

Москва Украинага басып киргенден бери орус тарапта согушкан же набыт болгон Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарынын так саны белгисиз. Украинанын “Хочу жить” долбоору жарыялаган соңку тизмеде 800дөн ашуун кыргызстандык согушка жалданып барганы көрсөтүлүп, анын 181и набыт болгону белгиленген. Мындан сырткары дагы 700дөй кыргызстандык дайынсыз болуп жаткан өз жакындарынын дарегин сурап аталган долбоорго кайрылышкан экен.

“Азаттык” радиосу өз линиясы боюнча Украинадагы согушта каза болгон 100дөн ашык кыргызстандыктын аты-жөнүн тактады.

Мигранттарга укуктук жактан жардам берген юрист Мирлан Токтобеков мындай дейт:

Мирлан Токтобеков
Мирлан Токтобеков

“Кандайдыр бир кылмыш менен кармалган адамды иш тергеле электе эле “атайын операцияга” катышууга макулдугун берип, согушка кетсе, кылмыш иши кыскарат деген көптөгөн жоболорду кабыл алышпадыбы. Анан согушка баргандардын иши кыскарып, түрмөдөн чыгып же насыялары төлөнүп берилип, айтор, ушундайлар болду. Акыркы жылдары борборазиялыктардын көйгөйлөрү көбөйдү, Орусияда жүрүү шарттары катаалдады. Ошонун негизинде аларды согушка тартууну “жеңилдетип” алышты. Анүстүнө, “Россотрудничество” деген сыяктуу уюмдары Орусиянын ичиндеги мигранттарды эле эмес, Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын аймактарынан согушка тартып атышпайбы. Ошонун эсебинен да Украинанын аймагында согушка барган биздин жарандар көбөйдү”.

Кыргызстандын бийлиги кыргыз жарандары ар кандай жол менен согушка тартылып жатканын ырастаганы менен алардын санын тактаган эмес. Тышкы иштер министрлиги жана Орусиядагы кыргыз элчилиги согушка барууга мажбурлап жаткан кыргызстандыктарга укуктук жактан көмөк көрсөтүлүп жатканын билдирип келет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG