Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:36

ЕБ качкындарды үчүнчү өлкөлөргө депортациялоого жол ачкан эрежени жактырды

Адам укуктарын коргоочулар Европарламенттин алдында башпаанек берүү эрежелерин өзгөртүүгө нааразылыгын билдиришти. Брюссел, 10-апрель, 2024-жыл
Адам укуктарын коргоочулар Европарламенттин алдында башпаанек берүү эрежелерин өзгөртүүгө нааразылыгын билдиришти. Брюссел, 10-апрель, 2024-жыл

Евробиримдик башпаанек издеген качкындарды үчүнчү өлкөлөргө депортация кылууга жол ачкан эрежени жактырды. Ага ылайык, шаркеттин мүчөлөрү келгиндерди аларга эч кандай тиешеси жок башка өлкөлөргө чыгара алат. Буга чейин жакындары бар болгон же буга чейин көпкө жашап кеткен мамлекеттерге гана экстрадиция кылуу талабы коюлуп келген. Эми Евробиримдикке кирген өлкө менен келишим жетиштүү болмокчу.

Буга чейин бул ыкма Британияда сыналып, падышалык мыйзамсыз мигранттарды Руандага жөнөтүүнү макулдашкан.

Сөз болгон жобо башпаанек берүүнү тескеген жалпы европалык реформанын алкагында 12-июнда күчүнө кирмекчи.

Мындан тышкары “коопсуз өлкөлөрдүн” тизмеси түзүлүп, ага Марокко, Тунис, Египет, Косово, Колумбия, Индия жана Бангладеш кирди.

Шаркетке мүчө болууга талапкер макамы бар Сербия, Албания, Монтенегро жана Түркия да өз жарандары үчүн “коопсуз” деп эсептелет.

Февралдын ортосунда Брюссел миграциялык саясатын катаалдаштырган чечим кабыл алып, кийин Европарламент аны жактырган.

Жыл башында Еврокомиссия былтыр рекорддук сандагы качкын депортация болгонун билдирген.

Amnesty International, Human Rights Watch жана бир катар башка укук коргочоу уюмдар башпаанек берүү эрежелерин катаалдаштыруу адамдын эл аралык коргоого ээ болуу принциптерине каршы келерин айтып, нааразы болууда. Алардын айтымында, үчүнчү өлкөлөрдө адам укуктары бузулушу ыктымал жана шаркет жоопкерчиликти ошол жактарга жүктөп жатат.


Шерине

XS
SM
MD
LG