Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:21

Эгемен Кыргызстандын алгачкы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин 70 жылдыгы белгиленди

Муратбек Иманалиев. (архив)
Муратбек Иманалиев. (архив)

Эгемен Кыргызстандын алгачкы тышкы иштер министри, көрүнүктүү дипломаты, мамлекеттик жана коомдук ишмери Муратбек Иманалиевдин 70 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында өттү.

"Муратбек Иманалиев: кесиптик жолу жана ШКУнун өнүгүшүнө кошкон салымы" деп аталган "тегерек үстөл" талкуусуна ардагер дипломат өзү, Тышкы иштер министрлигинин жана Дипломатиялык академиянын жетекчилиги, дипломатиялык корпустун башчылары, Муратбек Иманалиевдин жакындары, дипломатиялык кызматтын ардагерлери жана башка коомчулук өкүлдөрү катышты.

Муратбек Иманалиевдин 70 жылдыгы ТИМде белгиленди. 25-февраль, 2026-жыл.
Муратбек Иманалиевдин 70 жылдыгы ТИМде белгиленди. 25-февраль, 2026-жыл.

Иш-чарага министр Жээнбек Кулубаев онлайн катышып, маараке ээсин видео аркылуу куттуктады. Ал Муратбек Иманалиевди "кыргыз дипломатиясынын патриархы" деп мүнөздөдү. Ошондой эле Иманалиев 1991-жылы бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык континенттеринде өлкө кызыкчылыгын коргоп келе жаткан Тышкы иштер министрлигинин алгачкы кесипкөй командасын түзгөнүн баса белгиледи.

Муратбек Иманалиев 1991-жылы эгемен Кыргызстандын алгачкы тышкы иштер министри болгон. Анын жетекчилиги менен Кыргызстан эл аралык коомчулук алдында таанылып, БУУга мүчө болгон.

2010-2012-жылдары Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы болуп турган.

Иманалиев III даражадагы "Манас" орденинин ээси. "Акыйкат жана прогресс" партиясынын негиздөөчүсү жана лидери. Ал кыргыз, англис, кытай жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Шерине

XS
SM
MD
LG